Бейшемби, Февраль 09, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевге "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

002022-жылдын 20-майында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Кожошев Арзыбек Орозбековичке "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу аземи болуп өттү. Ректор Канат Садыков адегенде Арзыбек Орозбековичке эки күн мурда Улуттук аттестациялык комиссия тарабынан "профессор" окумуштуулук наамы ыйгарылгандыгын кабарлап, бүгүн болсо Улуттук университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 23-мартындагы чечими менен ага "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылып жатканын билдирди жана сыйлык ээсине "Ардактуу профессордун аттестаттын" тапшырып, мантиясын кийгизди.

Жаңыдан гана КУУнун ардактуу профессору болгон Кожошев Арзыбек мырза өзү окуп, бүтүргөн Улуттук университеттин ардактуу профессору болуш сыймыктуу экенин белгилеп, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнө жана университеттин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди. Андан ары ал Өкмөттө жасалып жаткан иштер тууралуу кеп салып, эгер КУУнун экономист-окумуштууларында Кыргызстандын экономикасын көтөрүү жана башка маселелер боюнча идеялар, сунуш-пикирлер пайда болсо, аларды угууга даяр экенин айтты. - Бул үчүн азыр сиздер үчүн эң идеалдуу мезгил. Анткени, биринчиден - Президенттин саясий эрки бар, экинчиден - Министрлер Кабинетинин Төрагасы илимдин доктору,  үчүнчүдөн - анын биринчи орун басары да илимдин доктору. Арзыбек Кожошев о.э. Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасын аяктап, 2011-жылы кандидаттык, 2017-жылы докторлук диссертациясын жактаганын жана 2 аспирантты даярдап чыгарганын айтып өттү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарын КУУнун ардактуу профессору болушу менен экономика факультетинин финансы кафедрасынын башчысы Айганыш Саякбаева, факультет деканы Эркин Кулова, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын башчысы Арстаналы Ботобеков, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан жана Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Рустам Асизбаевдер куттукташты.

02

06

08

10

12

14

16

18

20

21

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

press knu 2022

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 620 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

     
  • ФИИТ 26.09.2022 10:42
    Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары