Жекшемби, Ноябрь 27, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Министрликтин бөлүм башчысы илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме өткөрдү

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университетте Апрель баатырларын эскерүүгө арналган иш чаралар өткөрүлдү

0

2022-жылдын 5-апрель күнү Улуттук университетте 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда окко учкан окуу жайдын окутуучулары Жолдошбек Кудайбергенов менен Мырзабек Жумаевди эскерүүгө арналган иш чаралар өткөрүлдү. Алардын биринчиси №5-окуу имаратында болуп, азаттык үчүн элдик күрөштө окко учкан социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин окутуучусу, философ Жолдош Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган "Эскерүү тактасына" гүлчамбар коюлду. Эскерүү жыйынында Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору Жаныбек Жакыпбеков жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев чыгып сүйлөштү.

Алар мындан 12 жыл мурда кыргыздын жалпы мекенчил жаштары катары Жолдошбек Кудайбергенов да үй-бүлөлүк режимди алмаштырыш үчүн, элибизге жаркын жашоо бериш үчүн аянтка чыгып, өз жанын аябай, курман болгондугун, "Эскерүү тактасы" Жолдошбек Кудайбергеновдун элесин унутпай жүрүш үчүн, таза коомду курууга жаштардын умтулушу үчүн жана Апрель революциясынын сабактарын эсибизге калтырыш үчүн кызмат кылаарын белгилешти. 

Андан кийин, иш чара башкы имараттагы кичи жыйындар залында уланып, Жолдошбек Кудайбергенов менен Мырзабек Жумаев тууралуу эскерүүлөр айтылды. Жыйында педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманова, Жолдошбек Кудайбергеновдун апасы_Нурия Айдабосунова, "Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин төрагасы Талантбек Очокеев жана Жолдошбек Кудайбергеновдун кесиптеши, философ, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин ага окутуучусу Кубат Исмаилов чыгып сүйлөштү. 

Алар "Биздин баатыр жигиттерибиз аз жашаса да, өмүрү жаштарга өрнөк болду. Алар_окко учпаганда, дагы канча студенттерге билим берип, канчалаган жаштарды Мекенди сүйүүгө, эл-жерди барктоого үндөмөк. Алардын жашоосу, жасаган эмгектери жаштарга дайым мисал болот. Биз аларды эч качан унутпайбыз" деген сөздөрдү айтышты. 

Аталган иш чаралар социалдык-гуманитардык илимдер факультети тарабынан уюштурулуп, декан Камчыбек уулу Мырзабек алып барды.

04

06

08

10

12

14

16

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

44

46

50

press knu 2022

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 609 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары