Жекшемби, Ноябрь 27, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Министрликтин бөлүм башчысы илим менен өндүрүштүн байланышы боюнча кеңешме өткөрдү

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда жазуучу, публицист жана журналист Абдиламит Матисаковдун "Баткан күндү аяймын...” аттуу китебинин бет ачары болду

002022-жылдын 29-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында жазуучу, публицист жана журналист, «Даңк» медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КУУнун ардактуу профессору Матисаков Абдиламит Мурзаевичтин 65 жылдык юбилейине карата анын "Баткан күндү аяймын...” аттуу китебинин жана публицист Мундузбек Тентимишевдин  Матисаков тууралуу “Жүрөгүндө күн жашайт” аттуу китебинин бет ачар аземи болду. Жыйында Абдиламит Матисаковдун өмүр таржымалы, чыгармалары, публицистикалык макалалары жана бет ачары болуп жаткан чыгармалар жыйнагынын өзгөчөлүктөрү, автордун чыгармаларындагы образдар тууралуу сөз болду.

Азем Абдиламит Матисаков тууралуу даректүү тасма жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раевдин видео-куттуктоосу менен башталып, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахандын куттуктоо сөзү менен уланды. Ал Абдиламит Матисаков - классикалык аңгемелерди жазган кыргыз адабиятындагы феномен экенин, өз убагында МГУ менен КазГУда мугалим болуп иштеген Мухтар Ауэзов сыяктуу жазуучулук менен педагогдук ишти айкалыштырып, соңку 15 жылдан бери КУУнун журналистика факультетинде профессор болуп эмгектенип жатканын белгилеп, Абдиламит Матисаков Улуттук университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" ардактуу наамына сунушталгандыгын кабарлады жана окуу жайдын атынан юбилярга чакан белек тапшырды.

Автордун "Баткан күндү аяймын...” аттуу китебине баш сөз жазган философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшев  өз куттуктоосун "Бүгүн Улуттук университетте бир гана аталган китептин бет ачары эмес, жалпы эле кыргыз адабиятынын, көркөм сөз өнөрүнүн майрамы болуп жатат", - деп баштады. Анын айтымында, аталган китепте Абдиламит Матисаковдун прозаик-жазуучулук жана журналисттик өнөрү байкалып турат. Автордун аңгемелери ойдон чыгарылбай, турмуштан алынгандай окулат. Окурмандарды сүйүнтө турган тексттерди камтыган "Баткан күндү аяймын...” китеби - мактоого арзый турган, сыймыктанууга татый турган эмгек. 

Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор, "Ноокат коому" коомдук бирикмесинин өкүлү Жолборс Жоробеков эмгек жолунда "Кыргыз Туусу" гезитинде 2 жолу баш редактор, КТРКда жетекчи болуп иштеген Абдиламит Матисаков тууралуу аталган мекемелерде азыркыга чейин жакшы сөздөр айтылаарын, автордун чыгармаларында чоң философия, чоң ойлор жатканы менен, өзү биздин эле арабызда жүргөн адамдардай сезилээрин белгиледи. Анын айтымында, "65 жаш - адамдын акыл-эси толуп, майда-барат нерселерден өйдөрөөк болуп турган кези". Ошондуктан, Абдиламит Матисаков өз билимин, тажрыйбасын студенттерге берип жатат.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мелис Абакиров Абдиламит Матисаковдун устаттары (Мурза Гапаров менен Кеңеш Жусупов) мыкты болгонун, 1983-жылы чыккан "Тандыр" аңгемелер жыйнагы кыргыз адабиятына мыкты калемгер келгенинен кабар бергенин белгилеп, азыркы акын-жазуучулар "гигантомания" оорусу менен ооруп, 10 томдуктарды чыгарып жатканына таң калганын айтты жана "10 томдук да поэзия болобу?" деген суроо салды. Андан ары ал Лев Толстой менен Бернард Шоу 80-90 жашка келгенде мыкты чыгармаларды жаратканын айтып, Абдиламит Матисаков 65 эле жашка чыгып жатканын, ошондуктан жазуучудан мыкты чыгармаларды күтөөрүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын эл акыны, "Түрксой" эл аралык уюмундагы Кыргызстандын мурдагы өкүлү Кожогелди Култегин КУУнун Окумуштуулар кеңеши тарабынан сунушталып жаткан "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу" деген наам Абдиламит Матисаковго көлгө - кайык, комузга - тээк кандай жарашса, ошондой жарашаарын, автордун чыгармалары бир эле жолу эмес, кайталап окуй турган чыгармалар экенин, анткени анын сөз байлыгы "өтө майлуу" экенин, автордун ар бир чыгармасында Матисаковдун өзүнүн образы бар экенин, бет ачары болуп жаткан китеп - улуттун байлыгы экенин, автордун чыгармаларындагы көркөм кооздуктар өтө сонун берилгендигин белгилеп, сөзүнө мисалдарды келтирди.

Коомдук жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты Каныбек Иманалиев совет мезгилиндеги журналистика өтө жоопкерчиликтүү, бирок супсак болгонун, Абдиламит Матисаков "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" деген очерки менен ошол "супсактыкты" бузуп, улуу актердун образын так, даана ачып бергенин белгиледи. Ал о.э. өзү студент кезинде Абдиламит Матисаков мугалим катары сабак бербегени менен, чыгармалары аркылуу сабак бергенин, анын бир макаласынын негизинде атайын кыймыл түзүлүп, Улуттук университеттин студенттери макалада айтылган балага күн сайын ооруканага барып турушкандыгын айтып берди.

Абдиламит Матисаковду 65 жылдык юбилейи жана "Баткан күндү аяймын...” китебинин бет ачары менен о.э. Кыргыз Республикасынын эл акыны Акбар РыскуловКыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова, КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Самсак Станалиев, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы Алтын Асанова, "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Папан Дүйшөнбаев, Кыргыз Республикасыын эл артисти, атактуу диктор Тамара Жаманбаева жана Ширин Костюк баш болгон журналистика факультетинин жамааты куттукташты.

Аземдин соңунда Абдиламит Матисаков өзү чыгып сүйлөп, өзүнүн бактысына, таалайына ыраазы экенин, ошонун баарын устаттары коштоп, жөлөп-таяп жүргөнүн билдирип, баарына миң алкыш айтып, жыйындын катышуучулары менен уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

02

18

06

08

10

12

14

16

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

66

70

72

Абдиламит Матисаков тууралуу кыскача маалымат

Таланттуу жазуучу, публицист, журналист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдиламит Мурзаевич Матисаков Ноокат районундагы Көк-Бел айылында 1956-жылы 15-мартта туулган.

1979-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн 1979-1986-жылдары "Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы, 1987-жылдан "Советтик Кыргызстан" гезитинде белүм башчы, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун башкармасынын биринчи орунбасары, 1992-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында басма-сөз кызматынын бөлүм башчысы, 1993-жылдан республикалык "Советтик Кыргызстан" гезитинин башкы редактору, 1994-жылдан Мамлекеттик улуттук телерадиокорпорациянын президенти, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын мамлекеттик кызмат бөлүмүмүнүн башчысы, 1996-жылы «Кыргыз Туусу» гезитине экинчи жолу башкы редактору болуп, 2005-жылга чейин иштеген.

Учурда Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору,

КР Жазуучулар союзунун жана КР Журналисттер союзунун мүчөсү, СССР Журналисттер союзунун сыйлыгынын (1988), Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын (1991), Кыргызстан Журналисттер союзунун сыйлыгынын жана Эл аралык «Руханият* сыйлыгынын (2001) лауреаты, Мамлекеттик "Даңк" медалынын (2002), Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун "Алтын калем" сыйлыгынын (2014) жана Алтын медалынын, Эл аралык ТҮРКСОЙ сыйлыгынын (2018) ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Жарык көргөн китептери:

Кыргыз тилинде

  • «Тандыр»; Аңгемелер - Ф.: Мектеп. 1983
  • «Ак коргон»: Повесть жана аңгемелер - Ф.: Адабият. 1989
  • «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй...» - Ф.: Кыргызстан. 1989
  • «Атамды көргөн өлбөсүн» -  Б.: Бийиктик. 2004

Орус тилинде

  • «Сказание о Суйменкуле» - Б.: Кыргызстан, 2000.

74

76

78

80

press knu 2022

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 617 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары