Бейшемби, Январь 27, 2022

Бабыржан Төлбаев - КУУнун көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасы

Улуттук университетте "Ден соолук" спартакиадасынын ачылышы болду

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002021-жылдын 28-декабрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков алып барган жыйында "Окуу акысын төлөөдө студенттерге жеңилдиктерди берүү жөнүндө", "2021-жылкы кабыл алуу кампаниясынын жыйынтыгы жөнүндө" жана башка маселелер каралды.

Онлайн жана оффлайн режимде өткөн жыйындын башында ректор кворум бар экенин билдирип, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, ректор орус жана славян филологиясы факультетинин доценти Жоомарт Акпаралиев менен экономика факультетинин деканынын орун басары Жылдыз Койчиевага Россотрудничествонун ыраазычылык катын, ал эми жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы Асипова Нурбубу Асаналиевна менен аталган кафедранын мүчөсү Раимкулова Ажар Супуровнага "Асылзат Нуру» коомдук фондунун “Эл сыймыгы ээси” төш белгисин тапшырды.

Отурумдун күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев билдирүү жасап, окуу акысын төлөөдө студенттерге берилген жеңилдиктер тууралуу айтып берди. Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков студенттерге берилүүчү жеңилдиктер жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордуу киргизүүнү сунуштады.

Окумуштуу катчы Гүлзыйнат Аркабаева юридика факультетинин доценти Эльмира Курамаеваны, география, экология жана туризм факультетинин доценти Мураталы Дүйшөнакуновду, экономика факультетинин доценттери Жылдыз Копобаева менен Анарахан Султанованы "доцент" окумуштуулук наамын алууга көргөздү.

"2021-жылкы кабыл алуу кампаниясынын жыйынтыгы" жөнүндө кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Жылдыз Койчиева баяндама жасады.

Илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин жалпы топология жана геометрия кафедрасынын профессору Юрий Викторович Садовничийге "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө, математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасына академик А.А.Бөрүбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын башчысы Искаков Издевалды Искаковичке "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги” төш белгисин ыйгаруу жөнүндө, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакытбек  Жайлообеков ф.и.д., профессор Турусбек Маразыковго "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизип, аталган сунуштарды негиздеп беришти.

Окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров КУУнун айрым окутуучуларынын окуу китептерин КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифин алууга сунуштады.

Отурумдун жүрүшүндө ректор Канат Садыков юридика факультетинин деканы Байтик Бузурманкулов өз каалоосу менен аталган кызматтан кетүүгө арыз жазгандыгына байланыштуу 2021-жылдын 27-декабрынан баштап юридика факультетинин деканынын м.а. болуп Кынатбек Сманалиев дайындалгандыгын билдирди.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

press knu 2021

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 705 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Уулкан Капарова 14.12.2021 11:30
    Саламатсыздарбы ? КТМУ дан КУУ га которулса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Уулкан Капарова 11.12.2021 20:01
    Саламатсыздарбы ? Мен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 3-курсунда окуйм. КУУ га которулсам болобу ...

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:16
    Мен колежди бутургом. Азыр универге. Тапшырсам болобу? Програмитмин

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Бекжан 10.11.2021 13:47
    Здраствуйте! Я щяс учусь на первом курсе в очной , хотчу перейти на заочной . Как мне поступить

    Толугу менен...

     
  • Алмагүл 18.10.2021 20:08
    Саламатсызбы, педагогикалык переквалификаци ядан өтүү керек, кимге кайрылуу керек? Жардам ...

    Толугу менен...

     
  • Тохир 12.10.2021 17:48
    Здравствуйте,по могите пожалуйста уточнить один вопрос. Я, Тургунов Тохир Турсунович, родившийся в ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары