Шейшемби, Декабрь 07, 2021

Матфакта магистранттардын илимий-педагогикалык практикасы жыйынтыкталды

002021-жылдын 18-ноябрында № 6-окуу имаратынын №126-жыйындар залында алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасы менен колдонмо математика жана коипьютердик технологиялар кафедрасынын магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасы жыйынтыкталып, магистранттардын "Математика жана биз" темасы боюнча жасаган баяндамалары жыйынга катышкан студенттерди аябай таасирлентти.

Жыйынга АГТжЖМО кафедра башчысы, профессор Б.Э.Канетов, доц. А.А.Сабыканов, доц. Г.Ж.Абакирова, ага окутуучу А.Талантбеков жана педагогика кафедрасынын ага окутуучусу А.С.Баялиева катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө магистранттар Абдыкаимов Илларион, Сыргабекова Айзада жана Ургазиев Айдар жасаган баяндамалардан чогулуштун катышуучулары математиканын табийгат таанууда ээлеген орду, архитектурада, медицинада, проектилөөдө, инженерияда ж.б. колдонуларын, мейкиндиктин ийилиши, электромагнитизм менен гравитациянын куюлушу жана кванттык компьютер түшүнүгү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Кафедра башчысы, профессор Бекболот Канетов бүгүнкү жыйын студенттер үчүн чоң мотивация болуп, математикага болгон кызыгуусун дагы бир жолу ойготкондугун баса белгилеп, бүтүрүүчүлөргө магистрдик диссертацияларын ийгиликтүү жыйынтыктап, татыктуу адистерден болушуна тилектеш экендигин билдирди.

Педагогика кафедрасынын ага окутуучусу Айсулуу Суютбековна магистранттардын жасаган иш-аракеттерине ыраазычылык билдирип, алардын келечекте кыргыз педагогикасынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошушуна ишенерин билдирди.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 26-29-май күндөрү АГТжЖМО кафедрасынын башчысы, профессор Канетов Бекболот жетектеген магистранттар Ташкент шаарында болушту. Аталган сапар эки өлкөнүн Улуттук университеттеринин ортосунда 2017-жылдын 11-сентябрында түзүлгөн келишимдин алкагында, Өзбек улуттук университетинин проректору Р.Н.Рахмоновдун чакыруусу боюнча жана академиялык мобилдүүлүк боюнча тажрыйба алмашуу максатында ишке ашырылды. Аталган кафедранын магистранттарынын топология багытында жасаган илимий докладдары угуучулардын аябай кызыгуусун жаратты.

02

04

06

08

10

12

Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 944 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:16
    Мен колежди бутургом. Азыр универге. Тапшырсам болобу? Програмитмин

    Толугу менен...

     
  • Нурадил 11.11.2021 07:32
    Саламатсызбы. мен 2017 жылы лингвистика факультетин жаңы жылга чейин жарым курс окуп шартка байланыштуу ...

    Толугу менен...

     
  • Нурадил 25.10.2021 08:44
    Саламатсызбы. мен 2017 жылы лингвистика факультетин жаңы жылга чейин жарым курс окуп шартка байланыштуу ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Бекжан 10.11.2021 13:47
    Здраствуйте! Я щяс учусь на первом курсе в очной , хотчу перейти на заочной . Как мне поступить

    Толугу менен...

     
  • Алмагүл 18.10.2021 20:08
    Саламатсызбы, педагогикалык переквалификаци ядан өтүү керек, кимге кайрылуу керек? Жардам ...

    Толугу менен...

     
  • Тохир 12.10.2021 17:48
    Здравствуйте,по могите пожалуйста уточнить один вопрос. Я, Тургунов Тохир Турсунович, родившийся в ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары