Шейшемби, Декабрь 07, 2021

Спорт ордосунда Улуттук университеттин 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү

2021-жылдын 18-ноябрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда_салтка айланып калган КУУнун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чараны ректор Канат Садыков ачып, Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган 1-курс студенттерин майрамы менен куттуктап, ак жол каалады жана журналистика факультетинин 1-курс студенти Бекбосунова Алияга символикалуу "Сынак китепчесин" тапшырды

Ал студенттик турмушту жаңыдан баштаган кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттердин атынан 4 жыл бою "Улуттук университеттин студенти" деген наамга татыктуу билим алып, аны Кыргызстандын өнүгүүсүнө колдонууга, үлгүлүү жүрүш-турушу менен КУУнун студенттеринин салттарын улантууга ант берген соң, майрамдык салтанат чоң программадагы концерт менен улантылды. Концертке белгилүү ырчылар менен КУУнун таланттуу студенттери катышып, өз өнөрлөрүн элге тартуулашты.

Майрамдык иш чарага о.э. окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров менен мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) катышты.

02

04

06

08

10

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

44

50

52

54

56

58

60

62

64

66

70

press knu 2021