Шейшемби, Декабрь 07, 2021

Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын 60 жылдыгы белгиленди

02021-жылдын 16-ноябрь күнү башкы имаратагы кичи жыйындар залында тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын 60 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Иш чараны аталган кафедранын башчысы Темиркул Асанов ачып, сөз кезегин КУУнун ректору Канат Садыковго берди. Ректор маарекеси белгиленип жаткан кафедра - Улуттук университет түптөлгөндө түзүлгөн профилдүү кафедралардын бири экендигин, глобалдаштыруу шартында анын миссиясы абдан маанилүү, таасири зор экенин белгилеп, кафедра жамаатын 60 жылдык майрамы менен кызуу куттуктады.

Кафедранын тарыхы тууралуу кыскача презентация көрсөтүлгөн соң, кафедра жамаатын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик Асанканов Аблабек, «Мурас» фондунун төрагасы Молдокасымов Кыяс, Кыргызстан аялдар конгресинин төрайымы Акбагышева Замира, Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессорлору Момбекова Жыргал, Жакыпбеков Жаныбек, КУУнун профессору Жуманалиев Тынчболот, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институттун профессору Темирбаев Бердигул жана факультет деканы Сырдыбаев Туратбек куттукташты.

01

02

04

05

08

06

10

12

14

16

18

20

22

press knu 2021

Кыргызстандын тарыхы кафедрасы

Кыргызстанда эң алгачкы жогорку окуу жайы - 1932-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту түзүлгөн. 1934-жылы КМПИнин коомдук илимдер факультети тарых факультети болуп өзгөртүлгөн. 1940-ж. экинчи жарымы – 1950-ж. башында тарых факультети пединституттагы жетектөөчү бөлүмдөрдүн бирине айланып, негизинен тарыхчы-мугалимдерди даярдоого багыттылган. 1961-ж. Кыргызстандын тарыхы кафедрасы түзүлүп, кыргыз тарыхы илимине негиз салган көрүнүктүү окумуштуу, академик Б.Д.Жамгырчинов кафедра башчылыгына дайындалган. Кафедранын ачылышы менен Кыргызстандын тарыхын жогорку окуу жайда окутууга жана илимий-изилдөөчүлүк иштерди өнүктүрүүгө ыңгайлуу жагдайлар түзүлгөн.

Кыргызстандын тарыхы кафедрасын алгачкылардан академик, т.и.д., профессор Жамгырчинов Бегималы Жамгырчинович жетектеген.

  • 1962-1978-ж. аралыгында кафедранын башында ардактуу профессор, Зима Борис Михайлович турган.
  • 1978-1983-жылдары кафедраны т.и.д., профессор Чокушев Бейманалы Чокушевич жетектеген.
  • 1983-1997-жылдары кафедра башчысы кызматында т.и.д., профессор, Бактыгулов Жумадил Сапалович эмгектенген.
  • 1997-1999-жылдардын аралыгында кафедраны т.и.д., профессор Асанканов Аблабек Асанканович жетектеген.
  • 1999-2001-жылдары кафедра т.и.к., доцент Сапаралиев Дөөлөтбек Бекишовичтин жетекчилигинде иштеген.
  • 2001-2003-жылдардын аралыгында кафедраны, т.и.д., профессор Жакыпбеков Жаныбек башкарган.

2003-ж. КУУнун ректорунун буйругу менен кафедра экиге: Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы жана Кыргызстандын жаңы жана соңку-жаңы тарыхы кафедраларына бөлүнгөн.

2003-ж. тартып Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы кафедрасын т.и.д., профессор Ж..Жакыпбеков жетектесе, Кыргызстандын жаңы жана соңку-жаңы мезгилдеги тарыхы кафедрасын т.и.к., профессор Жоробеков Туратбек Жоробекович башкарган.

2016-ж. Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы менен Кыргызстандын жаңы жана соңку-жаңы тарыхы кафедралары кайрадан Кыргызстандын тарыхы кафедрасына бириктирилип, т.и.к., доцент Асанов Темиркул Ишекеевич кафедранын башчылыгына дайындалган.

Кафедранын негизги максаты жаш муундарга Кыргызстандын байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын окутуу жана илимий максаттуу изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле окуттуу процессин билим берүүнүн дүйнөлүк стандарттарына айкалыштыруу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө кафедрада 20 сабактын дисциплинасы, адистик тандоо сабактары студенттерге жана магистранттарга окутулат. Ага Ата Мекен тарыхы, Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы, Кыргызстандын жаңы жана соңку-жаңы тарыхы кирет. Ал эми адистик тандоо сабактарынан: архивтаануу, Кыргызстандын тарыхынын булактаануусу, Кыргызстандын тарыхынын тарыхнаамасы, улуттук коопсуздуктун актуалдуу маселелери, кыргыздардын генеалогиясы сыяктуу жана башка предметтер окутулат.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамын бай тажрыйба топтогон окумуштуу-изилдөөчүлөр жана жогорку-квалификациялуу педагогдор түзөт. Буга чейин кафедранын мүчөлөрү Кыргызстандын тарыхынын академиялык басылышынын 3 томдугун (2016) даярдоого, Россиялык окумуштуулар менен бирге илимий-популярдуу «Кыргызы» (2016) жана 20 томдук «Кыргыздар» (2019) жыйнактарын чыгарууга, Кыргызстандын тарыхы боюнча жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралдарын (2019-2020) жана окуу колдонмолорун жазууга, эл аралык жана республикалык маанидеги илимий жыйындарга жана конференцияларга катышууга мүмкүнчүлүк табышкан.

Кафедра учурда «Кыргызстандын тарыхынын жана тарыхнаамасынын актуалдуу маселелери» деген илимий теманын үстүндө иш алып барууда жана бул багытта фундаменталдуу изилдөөлөрдү ишке ашырууну максат кылышат.

Бүгүнкү күндө кафедранын окутуучулук-профессордук курамын 15 кызматкер түзөт:

т.и.д., профессор Жакыпбеков Ж., т.и.к., профессор Бедельбаев А.Б., т.и.к., профессор Момбекова Ж.К., т.и.к., профессор Мамбетова Г.М., т.и.к., профессор Жанакеева А.Т., т.и.к., доцент Асанов Т.И., т.и.к., доцент Султаналиева Н.И., т.и.к., доцент Асантурова Т.А., ага окутуучу Жалиева Б.Х., ага окутуучу Арзыгулова З.А., ага окутуучу Мамытова А.Б., ага окутуучу Кадыралиева Н.Ш., ага окутуучу Толобаева Э. А., ага окутуучу Сатимкулова М.А., лаборант Амирбек к. Г.

 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 941 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:16
    Мен колежди бутургом. Азыр универге. Тапшырсам болобу? Програмитмин

    Толугу менен...

     
  • Нурадил 11.11.2021 07:32
    Саламатсызбы. мен 2017 жылы лингвистика факультетин жаңы жылга чейин жарым курс окуп шартка байланыштуу ...

    Толугу менен...

     
  • Нурадил 25.10.2021 08:44
    Саламатсызбы. мен 2017 жылы лингвистика факультетин жаңы жылга чейин жарым курс окуп шартка байланыштуу ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Бекжан 10.11.2021 13:47
    Здраствуйте! Я щяс учусь на первом курсе в очной , хотчу перейти на заочной . Как мне поступить

    Толугу менен...

     
  • Алмагүл 18.10.2021 20:08
    Саламатсызбы, педагогикалык переквалификаци ядан өтүү керек, кимге кайрылуу керек? Жардам ...

    Толугу менен...

     
  • Тохир 12.10.2021 17:48
    Здравствуйте,по могите пожалуйста уточнить один вопрос. Я, Тургунов Тохир Турсунович, родившийся в ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары