Жекшемби, Октябрь 24, 2021

Улуттук университетте Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди

Майрамыңыздар менен, урматтуу биздин устаттар!

01Урматтуу биздин устаттар, кесиптеги чыйыр жолду баштап берген насаатчылар, жол көрсөтүп, акылмандуулук, көрөгөчтүк менен турмуштагы, жумуштагы ар бир кырдаалды жеңип, биз үчүн үлгү болгон асыл инсандар, сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сиздер менен тажрыйба алмашып, кеп-кеңештериңиздерди угуп, ак бата  алуу, өмүрдөгү өрнөк боло турган сабактарды сиздер аркылуу көрүп-билүү бизге буйруган чоң кут деп билебиз.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде не деген залкар окумуштуулар, не деген чыгаан инсандар иштеген эмес. Бүгүнкү күндө дагы уучубуз кур эмес. Эл сыймыктары, эмгек сиңирген ишмерлер, мугалимдер, эл жазуучулары, илимдин доктор-профессорлору эмгектенип, илим-билимдин даңгыр жолундагы данакерлигин көрсөтүп жатышат. Университеттеги ар бир чоң салтанат кадырман карыларыбыздын ак батасы жок эч качан башталбайт. Урматтуу улуулар, улуу муундун үлгүлүү адамдары, агай-эжейлер, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер үчүн окуу жайыбыздын эмгек жамаатынын жана студенттеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасында биз Кыргыз Республикасынын эң алдыңкы, билими күчтүү  университетинде эмгектенүүдөбүз. Сиздер бүгүнкү күндө да коомдук жашоодо өз активдүүлүктөрүңүздөр менен жаштарды тарбиялоодогу зор  салымыңыздарды кошуп келүүдөсүздөр. Сиздерге эң негизгиси бекем ден соолук, бакыт-таалай, жакындарыныздарга бакубат жашоо каалайбыз.

Терең урматтоо менен профсоюз комитети.

P.S. Жылдагыдай эле карылар күнүнө карата Университеттин администрациясы, профсоюз комитети тарабынан учурда эмгектенип жаткан карыларыбызга (аз да болсо) көңүл катары акчалай материалдык жардам көрсөтүлөт.

06

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 699 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Рахат 07.09.2021 15:12
    Здравствуйте можно ли перевестись с БГУ на Национальный университет

    Толугу менен...

     
  • мерим 24.08.2021 13:53
    я учусь на факультете юриспруденция, могу ли я перевестись на педагогический 2

    Толугу менен...

     
  • Асель 21.08.2021 10:45
    Колледж английский переводчика канча жыл контракт канча

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Нурпери 02.09.2021 17:38
    Саламатсызбы мен быйыл 2-курсмун Иностранныйфаку льтет котороюн дедим эле прием канчанчы числого чейин ...

    Толугу менен...

     
  • Миргул 14.08.2021 13:54
    Саламатсыздарбы быйыл КНУ да окуу онлайн болобу же оффлайн ушуга жооп берип коюнуздарчы сураныч????????

    Толугу менен...

     
  • Баян Раимкулова 28.07.2021 21:57
    Здравствуйте!Я поступила в факультет биологии в 2021году.Как можно заселиться в общежитии?

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары