Жекшемби, Октябрь 24, 2021

Улуттук университетте Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди

Кыргыз филологиясы факультетинде Мамлекеттик тилдин азыркы абалы жана келечеги талкууланды

00

2021-жылдын 22-сентябрь күнү 5-окуу имаратындагы 218-кабинетте жайгашкан "Манас" өргөсүндө 23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасы тарабынан уюштурулуп, мамлекеттик тилди өркүндөтүү, көйгөйлөрүн жоюу жана тилдин келечегине кам көрүүгө арналган “Мамлекеттик тилдин абалы жана келечеги” аттуу илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү. Жыйынга мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) катышып, катышуучуларды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Проректор сөзүнүн башында залда отурган окутуучулар менен студенттерге ректор Канат Садыков ысык салам жолдоп, куттуктоо сөзүн айтканын билдирип, андан ары төмөндөгүлөргө токтолду:

"Кыргыз журту үчүн Мамлекеттик тил күнү - өтө маанилүү, орчундуу окуя. СССР мезгилинде мамлекеттик тил бирөө эле болгон. Анткени, Москва анын маанисин өтө жакшы түшүнгөн. Бул сөз айкашындагы өтө терең, өтө зор маани "мамлекеттик" деген сөздө жатат. Анткени, мамлекеттик тил - суверендүү, өз алдынча мамлекеттин бир атрибуту, эл аралык кадыр-баркынын белгиси.

Кайра куруу процесси СССРдин курамына кирген республикаларга эркин ойлонууга мүмкүнчүлүк берди. "Мамлекетик" деген макамды алуу жеңил болгон жок. Ошол кездеги парламенттин башка улуттагы депутаттарынын көпчүлүгү кыргыз тилинин мамлекеттик макамга болушуна каршы болушкан. Атайын комиссиянын мүчөлөрү болгон Абдыганы Эркебаев (комиссиянын төрагасы), Сыртпай Мусаев, Сулайман Кайыпов сыяктуу белгилүү окумуштуулар аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көптөгөн талаш-тартыштар болгондон кийин гана Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кабыл алынган.

Улуттук университетте тил маселеси жакшы жолго коюлган. Ага мисал, кыргыз тилиндеги окуу куралдарын даярдоо боюнча министрлик тарабынан конкурстарда биздин окутуучулар жыл сайын жеңишке жетишип, ийгиликтер болуп жатат".

Проректор куттуктоосун залда отурган жаштарга кайрылып, "Жигердүү болгула, мамлекеттик тилдеги иш чараларга активдүү катышкыла" деген сөздөр менен жыйынтыктады.

Андан кийин ал Казакстандын "Бобек" ассоциациясы тарабынан өткөрүлгөн "Мыкты жаш окумуштуулар-2021" сынагында 1-орунду ээлеген кыргыз филологиясы факультетинин 3-курс студенти Нагима Расуловага аталган ассоциациянын 1-даражадагы дипломун, төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырды.

Тегерек столдун катышуучуларын Мамлекеттик тил күнү менен о.э. филология илимдеринин доктору, профессор Бейшенбай Усубалиев куттуктады.

"Азыркы учурда массалык маалымат каражаттары майда-барат нерселерге көп көңүл буруп, улутка тиешелүү, маанилүү маселелер айтылбай калууда. Мисалы, улуттар аралык тил - кыргыз тили болуш керек! Бул маселени чечүүгө, элге жеткирүүгө мезгил келди. Кыргыз тилин аздектеп, коргоп койсоң эле, Вечерний Бишкек, Дело№ деген гезиттер "расмий тилди басмырлап жатасын" деп жабалактап чыга калышат. Тилдин тагдыры - өзүбүздүн колубузда. Мамлекеттик тил тилчилерге эле эмес, жалпы журтка керек.

Улуттук каада-салттар, үрп адаттар, нарк-насилдерди башкаларга өз ыктыярыбыз менен берип жатабыз. Алардан ажырасак, тил өзү эле жоголот.

Дагы бир чоң көйгөй - кулчулук психология. Эмне үчүн кыргызча сүйлөгөндөн уялабыз? Эмне үчүн арабызга бир орус келсе, баарыбыз орусча сүйлөп калабыз? Эмне үчүн башка улуттагы мугалимдер астынан чыкса, студенттер бүжүрөңдөп учурашат дагы, кыргыз мугалим чыкса тоотуп коюшпайт?

Соңку мезгилдерде Жамал, Ажар сыяктуу накта кыргыз ысымдарынан айрыла баштадык. Койгон ысымдарыбыздын баары арабча. Бирдеке болсо эле, "Мамлекеттик тил комиссиясы каякты карап атат?" дейбиз. Биз эмне унчукпайбыз? Президентти теңебеген бизнесмендер, Тил комиссиясын теңемек беле!

Мен терең ишенем - бир мезгилде мамлекеттик тил маселеси көтөрүлбөй калган учур келет! Диалекттерди таштап, баарыбыз адабий тилде сүйлөп, аны колдойлу!"

Куттуктоолордон кийин, тегерек столдун жүрүшүндө төмөндөгү баяндамалар окулду:

  • Мырзабек Жумаев - ф.и.д., КУУнун профессору: “Мамлекеттик тил бөлүмүнүн тарыхы ”
  • Зууракан Сарылбекова - КУУнун профессору: “Кыргыз тилин мулътимедиялык каражаттарды колдонуу менен үйрөтүү”
  • Гүлмира Осмоналиева - ф.и.к., профессор, факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы: “Пандемия учурунда онлайн окутуунун өзгөчөлүктөрү”
  • Бурулсун Бабашева - Жогорку Кенеш Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн эксперти: “Мамлекеттик тил - жалпыга маалымдоо каражаттарында”
  • Көкүмбай кызы Гүлжамал - И.В.Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиянын мугалими, 5-каналдын алып баруучусу, “Тил жана маданият” гезитинин кабарчысы: “Куттуу уям ”
  • Төлөбүбү Токушева - ф.и.к., КУУнун доценти: “Кыргыз тилин адамдын психологиясына, калыптануу этабына байланыштырып уйрөтүү”
  • Наргүл Осмонова - ф.и.к., КУУнун доценти: “Учурда кыргыз лексикасында пайда болуп жаткан сленгдердин себеп-өбөлгөлөрү".

02

04

06

08

10

12

14

16

18

24

26

28

30

34

36

38

40

42

46

press knu 2021

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 781 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Рахат 07.09.2021 15:12
    Здравствуйте можно ли перевестись с БГУ на Национальный университет

    Толугу менен...

     
  • мерим 24.08.2021 13:53
    я учусь на факультете юриспруденция, могу ли я перевестись на педагогический 2

    Толугу менен...

     
  • Асель 21.08.2021 10:45
    Колледж английский переводчика канча жыл контракт канча

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Нурпери 02.09.2021 17:38
    Саламатсызбы мен быйыл 2-курсмун Иностранныйфаку льтет котороюн дедим эле прием канчанчы числого чейин ...

    Толугу менен...

     
  • Миргул 14.08.2021 13:54
    Саламатсыздарбы быйыл КНУ да окуу онлайн болобу же оффлайн ушуга жооп берип коюнуздарчы сураныч????????

    Толугу менен...

     
  • Баян Раимкулова 28.07.2021 21:57
    Здравствуйте!Я поступила в факультет биологии в 2021году.Как можно заселиться в общежитии?

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары