Ишемби, Сентябрь 18, 2021

26.11.2021: "Кесиптик билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу ” аттуу РСС

МААЛЫМАТ КАТ

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети  2021-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Кесиптик билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу ” аталышындагы республикалык студенттер симпозиуму өткөрүлө турганын маалымдайт.                                                                                                                                    

Конференцияга катышуу үчүн төмөнкү багыттарда баяндамалар кабыл алынат:

  • 1-секция. “Гуманитардык багыт”
  • 2-секция. “Табигый багыт”/

Симпозиум өтүүчү жай – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, башкы окуу имараты, Чоң жыйындар залы, Фрунзе кѳчѳсү- 547.

Катышуучу катары каттоодон ѳтүү үчүн тѳмѳнкү маалыматтар талап кылынат:

  • аты-жөнүңүз;
  • окумуштуулук даражаңыз жана наамыңыз;
  • иштеген жериңиз, кызматыңыз;
  • телефон номериңиз; э-дарегиңиз (е-mail) (сөзсүз көрсөтүү керек);
  • илимий баяндамаңыздын аталышы;
  • секциянын аталышы;
  • техникалык каражат тууралуу суроо-талап (зарыл болгон учурда).

Симпозиумдун  жумушчу тили: кыргыз тили

Баяндама-макалаларды төмөндөгүдөй тартипте даярдоо зарыл:

Симпозиумга катышуу үчүн көлөмү 5-6-беттен ашпаган баяндамаңызды алдын ала 2021-жылдын 15-ноябрына чейин жыйындын  уюштуруу комитетинин электрондук дарегине жөнөтүшүңүз керек. Баяндамачыларга сертификат берилет.

Убактысы: 2021-жыл,  26-ноябрь. Саат 10.00 -17.00

Каттоо 8.30-9.00гө чейин.                                                           

Симпозиумга катышууга  табыштаманы 15-ноябрга чейин myrzagulovad@mail.ru электрондук дарекке же

КУУнун башкы имараты 2-кабат мамлекеттик тил бѳлүмү 240 а кабинет жолдосоңуздар болот.

Байланыш телефондору: 32-31-28 (жумуш), 0707 87 33 68 (уюлдук).                                     

Уюштуруу комитети