Ишемби, Сентябрь 18, 2021

Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде усулдук кабинет ачылды

2021-жылдын 13-сентябрында тарых жана чөлкөм таануу факультетинде усулдук кабинеттин ачылышы болду. Иш чарага КУУнун ректору Канат Садыков, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев), Улутттук илимдер академиясынын тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов, факультетте иштеп кеткен мугалимдердин жакын туугандары жана окутуучулар жамааты катышты.

Ректор факультет жетекчилигине демилгелүү иш аракети үчүн ыраазычылык билдирип, окутуучулар жамаатынын иштерине ийгилик каалады. Андан кийин сөзгө чыккандар усулдук кабинеттин ачылгандыгына кубанып турушканын билдирип, анын маанилүүлүгүн белгилешти. Факультет деканы Турат Сырдыбаев кабинетти уюштурууда колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.

Усулдук кабинетке тарых факультетинде иштеп жаткан жана иштеп кеткен окумушуулардын илимий эмгектери коюлду. Алар Кыргызстан тарыхы, дүйнө тарыхы, археология этнология жана башка тарыхый багыттар боюнча изилдөөлөр болуп эсептелет.  

Жаңыдан ачылган кабинет факультеттин окутуучулар жамаатына, жаш окуумуштууларга жана студенттерге көп жылдар бою кызмат кылат деп ишенебиз. 

Усулдук кабинеттин ачылышынан кийин Канат Садыков тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 1-курсунун студенттери менен жолукту. Ректор аларды студент болушу менен куттуктап, окууларына ийгилик каалады. Ал өзүнүн студенттик мезгили тууралуу сөз козгоп, жаштарга суктанып турганын айтты. Ректор бүгүнкү жаштардын алдында мыкты деңгээлде билим алып, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуу жоопкерчилиги турганын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда факультет деканы Турат Сырдыбаев атайын убакыт бөлүп, студенттер менен жолуккандыгы үчүн ректорга ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бул жолугушуу университеттин босогосун жаңыдан аттаган студенттер үчүн мыкты дем-күч болот.

02

04

06

08

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

34

38

40

42

44

46

press knu 2021

Өмүрбек Алымкожоев - окуу иштери боюнча декандын орун басары