Бейшемби, Июль 29, 2021

Абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды

Абитуриенттерди каттоо-2021

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Казак улуттук университети менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду (толукталды)

002021-жылдын 29-июнунда Улуттук университетке аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору Туймебаев Жансеит Кансеитулы баштаган делегация келди. Боордош мамлекеттен келген меймандарды КУУнун ректору Канат Садыков тосуп алып, ректораттын жыйындар залындагы жолугушууда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Канат Садыков кошуна өлкөнүн Улуттук университетинин ректору Жансеит Туймебаевди Кыргызстанга келиши менен кызуу куттуктап, "Сиздин келишиңиз менен, урматтуу ректор мырза, Кыргыз улуттук университети менен Казак улуттук университетинин кызматташтыгынын жаңы барагы ачылды. Эми, илим жагынан да, билим берүү жагынан да эки окуу жайдын ортосунда алгылыктуу иштер башталаарына терең ишенем. Биздин келишимибиз накта ишке аша турган, жаштарыбыздын сапаттуу билим алуусуна жана мамлекеттерибиздин өнүгүүсүнө салым кошо турган келишим болсун", - деди.

Ректор о.э. 2021-жылдын апрель айында Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Рапиль Жошыбаев мырзаны жаңы ээлеген кызматы менен куттуктап, кыргыз-казак мамилелери мындан ары да жакшы багытта  өнүгө беришине тилектеш экендигин билдирди.

Казак улуттук университетинин ректору Жансеит Туймебаев Кыргыз улуттук университетиндеги кесиптештери менен жолукканына ыраазы экенин билдирип, "Билим берүүгө басым жасаган эл бактылуу болот. “Айында көрбөсө - агайын жат, жылында көрбөсө - жекжаат жат” демекчи, "Коюбуз – короолош, малыбыз – аралаш" боордош мамлекеттер болуп туруп, бири-бирибизди көрбөй отурсак уят болот. Эки улуттук университеттин кызматташтыгы тууралуу келишимге биз кол койбосок, ким коёт, - деп, КазУУнун илимий борборлору жана аларда жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун соңунда Канат Садыков менен Жансеит Туймебаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшуп, ушуну менен  эле токтоп калбай, аталган документти ишке ашыруу үчүн мындан ары тиешелүү "Жол картасын" иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилешти.

Жолугушууга о.э. Казак элчилигинин кеңешчиси Жанибек Жумбергенов, биринчи секретары Бекасыл Кенжебаев, КаЗУУнун ректорунун кеңешчилери Ержан Токабаев менен Марат Жөргенбаев, тышкы байланыштар боюнча башкармалыгынын начальниги Тойшибек Медеу жана укук секторунун башчысы Турегелди Нажимеденов, о.э. КУУнун окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Алахан (Тиллебаев)эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Бактыбек Келдибеков, кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев жана ушул эле факультеттин түркология жана котормотаануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова катышты. 

* * *

Аталган меморандумдун алкагында эки ректор “Филология” (түрк тили жана адабияты) магистрдик багыты боюнча кош дипломдуулук боюнча келишимге да кол коюшту. Аталган багыттын окуу программасы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев, түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова жана аль-Фараби атындагы КазУУнун чыгыш таануу факультетинин деканы Палтөре Ыктияр Молдатөреулы менен Түрксой кафедрасынын башчысы Үмүт Кыдырбаева тарабынан иштелип чыккан.

Келишимге ылайык, 2021-2022-окуу жылынан баштап эки университетте жогоруда көрсөтүлгөн багыт боюнча билим алган магистранттары кош дипломго ээ болушат. Белгилей кетсек, буга чейин аталган багытта кыргызстандык жана түркиялык жарандар  гана билим алып келген болсо, мындан ары түрк тилдүү өлкөлөрдүн жарандары менен бүткүл дүйнөдөн түркологияга кызыккан адамдар да КУУнун түркология жана котормо таануу бөлүмүнөн билим алып, магистрдик даража боюнча кош дипломго ээ боло алышат.

02

04

06

08

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

press knu 2021

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 454 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Эльдана 20.07.2021 00:32
    Здраствуйте можно ли перевестись с арабаева в национальный на лаборанта?

    Толугу менен...

     
  • Бегайым 16.07.2021 14:01
    Кыргыз филология факультетине магистратурага кабыл алуу качан башталат?

    Толугу менен...

     
  • Гульфия 13.07.2021 18:40
    Саламатсыздарбы ? Мен лингвистика англис тили боюнча бюджетке тапшырайын дегем,бирок сайтта жалаң эле ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Ырысгул 12.07.2021 16:18
    Саламатсызбы мен информацию и технологии колледж окуп буттум высший кайсы факультет жакшы кенещ ...

    Толугу менен...

     
  • Ибраев Искендер 18.05.2021 18:13
    Саламатсызбы, мен окуудан отчисления болуп кеткем. Бюджет окучумун. Аттестат жана башка документттерди ...

    Толугу менен...

     
  • Медина 10.05.2021 22:30
    Саламатсызбы! Сессия убагында академия алууга мумкунбу

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары