Жума, Октябрь 07, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда “Мамлекеттик тил - улуттук нарктын пайдубалы” аттуу конференция болуп өттү

Ректор Түркмөнстандын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

«Мен мугалим болом» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды (толукталды)

00

2021-жылдын 10-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында педагогика факультети «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы жана университеттин бириккен профсоюздук комитети менен биргеликте студенттер арасында өткөргөн «Мен мугалим болом» жана «Мен китепти ачсам, китеп мени ачат» аттуу республикалык сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Сыйлыктарды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев)окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темировжаш мугалим Бийик Рыскулов, “Ыйман Нуру” партиясынын лидеринин жардамчысы Доорон Кубатбек уулу тапшырышты.

Сынакка 10 жогорку окуу жайдан 40тан ашык студент катышты. Финалдык турга 16 студент чыгып, сынактын жыйынтыгы калыстар тобу тарабынан төмөнкүдөй аныкталды:

Баш байге – артыкчылык диплому:

  • Күрүчбек кызы Мээрим - Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультети;
  • Абдыразакова Сабина – А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогика университети.

1-орун:

  • Күмөнова Алина - Ж.Баласагын атындагы КУУнун социалдык-гуманитардык илимдер факультети;
  • Туратбекова Адина - Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультети;
  • Хасанова Тахмина - Ж.Баласагын атындагы КУУнун орус жана славян филологиясы факультети.

2-орун:

  • Апшүкүрова Алина - Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети;
  • Шайлообекова Алина - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • Бейшенбекова Малика - Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультети;
  • Таалайбек кызы Жылдыз - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети.

3-орун:

  • Жолчубек кызы Нагима - К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
  • Шакиева Нурзада - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.

Кызыктыруучу сыйлыктар:

  • Касымали кызы Гулина - Ж. Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультети;
  • Жаныбаева Робия - Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети (Ош);
  • Талантбек уулу Автандил - Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультети;
  • Сыргаков Мухаммед Али - Т.Эрматов атындагы Музыкалык-педагогикалык колледж;
  • Рыспекова Асель - Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети;

Баш байгеге Артыкчылык диплому, калган орундарга тиешелүү даражадагы диплом, ал эми жигердүү катышкан студенттерге ардак грамоталар тапшырылды. Финалга чыккан 16 студенттин ичинен төмөндөгү 13 студентке Улуттук университеттин пансионатына 27-30-июнга чейин 3 күндүк акысыз жолдомо берилди: Күрүчбек кызы Мээрим, Абдыразакова Сабина, Күмөнова Алина, Туратбекова Адина, Хасанова Тахмина, Апшүкүрова Алина, Шайлообекова Алина, Жолчубек кызы Нагима, Таалайбек кызы Жылдыз, Шакиева Нурзада, Жаныбаева Робия, Сыргаков Мухаммед-Али, Рыспекова Асель.

3 студентке кесиптик бирлик комитети тарабынан: Талантбек уулу Автандил, Касымалы кызы Гулина, Бейшенбекова Малика.

Кадрларды кайра даярдоо жана кесипти жогорулатуу факультетинин деканы Алайбек Шамшиевдин колдоосу менен «Автомектеп Brabus» жоопкерчилиги чектеген коому тарабынан төмөндөгү 3 студентке В категориясындагы айдоочулук укугуна ээ болуу үчүн 2,5 ай акысыз окууга сертификат тапшырылды: Күмөнова Алина (Ж.Баласагын атындагы КУУнун социалдык-гуманитардык илимдер факультети), Туратбекова Адина (Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультети), Хасанова Тахмина (Ж.Баласагын атындагы КУУнун орус жана славян филологиясы факультети).

Жыйындын жүрүшүндө методисттерге КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков тарабынан “Rixos Tour” туристтик агенствосунан Турция мамлекетинин Анталия шаарына 8 күндүк эс алууга жолдомо тапшырылды.

Байге фондуна Кыргыз Эл жазуучусу, профессор С.О.Байгазиевдин (32 китеп), профессор С.А.Тиллебаевдин (20 китеп), “Ыйман Нуру” партиясынын лидери, жазуучу, акын Н.К.Кадырбековдун (50 китеп), ББжИМ алдындагы “Окуу китеби” борборунун директору К.К.Акматовдун (30 китеп) авторлугундагы жана дүйнөлүк бестселлерлерден жалпысынан 132 китеп тартууланып, студенттер жана методисттерге белекке тапшырылып, конкурсанттардын окуган окуу жайларынын ректорлоруна, декандарына жана методисттерине ыраазычылык кат тапшырылды.

* * *

«Мен китепти ачсам, китеп мени ачат» аттуу китеп окуу сынагында студенттер Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» жана япон жазуучусу Китами Масаонун «Кылычсыз Самурай» чыгармаларын 1 ай (18-марттан - 15-апрелге чейин) аралыгында окуп чыгышып, 2021-жылдын 10-апрелинде google тест шилтемеси аркылуу алдын ала түзүлгөн тесттен өтүшкөн. Сынакка жалпы 56 студент катышып, алардын ичинен суроолорго туура жана убакыты менен  жооп берген 4 ЖОЖдон 10 студент мыктылыгын көрсөтүштү.

Сынактын жыйынтыгында:

1-орунду С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенти Себетова Сымбат багындырып, I даражадагы диплом жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин пансионатына 27-30-июнга чейин 3 күндүк акысыз жолдомо, Советбек Байгазиев, Садык Тиллебаев, Нуржигит Кадырбеков, Кыялбек Акматовдордун китептери, дүйнөлүк бестселлерлер менен сыйланды. Ал эми калган 2-3-орундарга II, III даражадагы дипломдор,жогорудагы авторлордун китептери берилди:

2-орун: Наби кызы Элиза - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти 

3-орун: СейталиеваМээрим - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кесиптик колледжинин студенти.

Калган 7 студентке “Ардак грамоталар”, китептер, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды:

  • Нургазы кызы Төлөнбүбү - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти
  • Доктурбекова Айзат - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти 
  • Султанова Аккуш - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти 
  • Бейшенбекова Калия - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенти
  • Анаркул кызы Нурзада – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик колледжинин педагогика факультетинин студенти
  • Айткулиева Чолпон – М.Рыскулов атындагы Кыргыз экономикалык университетинин экономика факультетинин студенти
  • Асанкулова Айдай - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти.

___________________________________________________________

06

08

10

12

14

16

17

18

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

44

46

48

50

52

56

58

60

62

64

66

68

press knu 2021

Назира Талантбек кызы - педагогикалык факультеттин деканынын катчы-референти

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 565 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары