Ишемби, Сентябрь 25, 2021

Ректордун Майраш Базлакуновага берген интервьюсу

Абитуриенттерди каттоо-2021

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Улуттук университетте Жыпар Жекшеевди эскерүү кечеси жана ал тууралуу китептин бет ачаары болду

002021-жылдын 26-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргызстандын эгемендиги жана демократиялык өнүгүүсү үчүн зор салым кошкон коомдук ишмер, “Ашар” уюмунун жана КДКнын теңтерагаларыньш бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Манас” ордени менен “Даңк" медалынын ээси, маркум Жыпар Жекшеевдин жаркьн элесине арналган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын жана ал тууралуу "Атуулдук намыс ойгонгондо" аттуу китептин бет ачаары болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына карата “Мурас” коомдук фонду, КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультети, УИАнын тарых, археология жана этнология институту, “Кыргыз тарых коому” эл аралык коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлүп жаткан жыйынды “Кыргыз тарых коому” эл аралык коомдук бирикмесинин президенти, КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин ачып, иш чаранын максаты, уюштуруучулары жана катышуучулары тууралуу кыскача маалымат берип, сөз кезегин КУУнун ректору Канат Садыковго берди. Ал демократиянын Кыргызстанда өнүгүүсү үчүн Жыпар Жекшеев бир топ иштерди аткаргандыгын белгилеп, аны менен жолугушуп, сүйлөшүп калганда, Жыпар Жекшеев өзүн мактаганды жаман көрөөрүн; өзүнүн эмес, башкалардын маселесин чечкенге көбүрөөк аракет кылаарын байкаганын айтты жана иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады..

Жыпар Жекшеев тууралуу даректүү тасма көрсөтүлгөн соң, төмөндөгү илимий баяндамалар окулду:

  • Арслан Койчиев - КР Президентинин кеңешчиси: "Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигинин 30 жылдыгы жана эгемендик үчүн күрөшкөн тарыхый инсандар (Жыпар Жекшеевдин жеке салымдары)"
  • Абылабек Асанканов - УИАнын тарых, археология жана этнология институтунун директору: "Этностор аралык ынтымакты чыңдоодогу Жыпар Жекшенин салымдары (1990-жыл)"
  • Махабат Жунусова - КДК тарыхын изилдөөчү: "Жыпар Жекше жана “Ашар” менен КДКнын жумурияттар аралык байланыштары (1989-1991)"
  • Кыяс Молдокасымов - “Мурас” коомдук фондунун төрагасы: "Кыргызстандын эгемендиги үчүн салым кошкон залкарлар".

Андан кийин, "Атуулдук намыс ойгонгондо" аттуу китептин бетачаары болуп, анын түзүүчүсү Венера Сагындык кызы жыйнакка Жыпар Жекшеевдин өзүнүн эмгектери, ал жана анын доору тууралуу эскерүүлөр, макалалар камтылганын кабарлап, китеп Кыргызстандын заманбап тарыхын, жарандык жана коомдук институттардын өнүгүү баскычтарын иликтеген тарыхчыларга, саясат таануучуларга жана жалпы эле Ата Мекен тарыхына астейдил кызыккан окурмандарга арналганын билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. Жыпар Жекшеев тууралуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин эскерүү сөздөрү айтылды.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

29

32

34

36

38

40

42

48

52

54

56

58

60

jek 01

jek 02

jek 03

jek 04

jek 05

jek 07

press knu 2021

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 492 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Рахат 07.09.2021 15:12
    Здравствуйте можно ли перевестись с БГУ на Национальный университет

    Толугу менен...

     
  • мерим 24.08.2021 13:53
    я учусь на факультете юриспруденция, могу ли я перевестись на педагогический 2

    Толугу менен...

     
  • Асель 21.08.2021 10:45
    Колледж английский переводчика канча жыл контракт канча

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Нурпери 02.09.2021 17:38
    Саламатсызбы мен быйыл 2-курсмун Иностранныйфаку льтет котороюн дедим эле прием канчанчы числого чейин ...

    Толугу менен...

     
  • Миргул 14.08.2021 13:54
    Саламатсыздарбы быйыл КНУ да окуу онлайн болобу же оффлайн ушуга жооп берип коюнуздарчы сураныч????????

    Толугу менен...

     
  • Баян Раимкулова 28.07.2021 21:57
    Здравствуйте!Я поступила в факультет биологии в 2021году.Как можно заселиться в общежитии?

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары