Жума, Май 07, 2021

КУУда профессор Бегалы Тагаевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди

02021-жылдын 4-майында телерадиожурналистика кафедрасы тарабынан КУУнун профессору, филология илимдеринин доктору Бегалы Тагаевич Тагаевдин 80 жылдык мааракесине жана радио күнүнө арналган “Радио жана турмуш” аталышындагы эл аралык кереге кеңеш (оффлайн жана онлайн) өткөрүлдү. Иш чараны журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеева ачып, юбилярдын илимий ишмердүүлүгүнө арналган документалдуу фильм көрсөтүлгөң соң, Бегалы Тагаевди ректордун атынан мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан куттуктап, маараке ээсине Канат Садыковдун куттуктоо катын тапшырды.

Бегалы Тагаевди 80 жылдык мааракеси менен о.э. КТРКнын директорунун орун басары А.Мусаев, КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты С.Кайыпов, Кыргыз-Түрк “Манас" университетинин коммуникация факультетинин деканынын орун басары А.Сатаров, КТРКнын “Алтын казына” фондунун жетекчиси Ж.Маматова, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин журналистика жана саясат таануу факультетинин телерадио жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын башчысы С.Дүйсенгазы, ага окутуучулары Г.Дускеева менен А.Сабыр, Кыргыз радиосунун продюсеринин орун басары Р.Тилемишева, музыкалык редактору Дастан уулу Адилет, Эл аралык Кувейт Университетинин кафедра башчысы Н.Койчуманова, Марал ФМ радиосунун директору А.Эргешов, ОшМУ менен И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика кафедрасынын өкүлдөрү, о.э. КУУнун журналистика факультетинин жалпы жамааты куттукташты.

Кереге кеңештин экинчи бөлүгүндө радио ишмердигиндеги маанилүү жана пайдалуу сунуштар айтылып, Кыргыз радиосунун редактору Ч.Рыскелдиевдин, “Миң кыял ФМ” радиосунун диджейи А.Абдымановдун, “Марал ФМ” радиосунун башкы редактору Түмөнбай Абдинаби уулунун жана онлайн контент редактору О.Арстанованын, “Кыргызстан обондору” радиосунун музыкалык редактору Н.Муратбеков уюштурган мастер-класстар түз алып көрсөтүлдү.

Бегалы Тагаев 1969-жылдан 2001-жылга чейин Кыргыз телерадио комитетинде иштеп, мыкты уктуруулары, интервьюлары менен эл оозуна алынган журналист болгон. Андан кийинки ишмердүүлүгүн окутуучулук, тарбия-таалим берүү менен улантып, Кыргыз-Кувейт университетинин журналистика бөлүмүнүн башчысы болгон. 2002-жылдан бүгүнкү күнгө чейин КУУнун журналистика факультетинин ардактуу кызматкери. Илим жолунда ийгиликтерди жаратып, "Эмгек сиңирген изилдөөчү", профессор наамдарын алды. Илимий ишин Ч.Айтматовдун чыгармаларына байланыштырып, кандидаттык диссертациясын “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы трагедиялуулук” темасында, ал эми докторлук диссертациясын “Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы назиктик маселеси” темасында жактаган. Бир нече илимий макал, китептердин автору.

02

03

04

08

10

12

14

15

16

17

18

22

24

26

28

30

32

34

38

40

44

46

press knu 2021

Чынар Капарова - ТРЖ кафедрасынын ага окутуучусу

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 493 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Абдылас 06.05.2021 11:52
    Саламатсызбы мен Тургуналиев Абдылас Кыргыз Улуттук университетке 2019 жылы экономикалык факультетке ...

    Толугу менен...

     
  • Эркинай 02.05.2021 02:20
    Саламатсызбы мен быйыл 1 курусту аяктайм БМПК дан КНУ которулайн дегем экономический факультетине ...

    Толугу менен...

     
  • Gulmira 18.04.2021 08:43
    Саламатсыздарбы ? Мен 2016 жылы КГҮСТА унив колдонмо информатика факултетин аяктагам. Мен ...

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Эркинай 02.05.2021 02:26
    Мен быйыл 1 курусту аяктайм БМПК дан КНУга которулайн дегем. Башталгыч классты окуутудан экономический ...

    Толугу менен...

     
  • Айгуль 21.04.2021 11:12
    Саламатсыздарбы мен сиздердин окуу жайыныздарга башка ВУЗдан которулайын деген болчум кандай кылып ...

    Толугу менен...

     
  • Diana 19.04.2021 13:16
    Саламатсызбы мен, КУУ -нун экономикалык колледжинин выпускницасымын , ушул колледждин диплому менен мен ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары