Жума, Май 07, 2021

Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

2021-жылдын 4-май күнү күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган органдын төрагасы Асылбек Токтогулов алып барган жыйында "Кыргыз улуттук университетинин 2020-жылдагы каржы-чарбалык иштеринин жыйынтыгы", "КУУнун кызматкерлеринин кызмат орундарына бюджеттен тышкары каражаттардан кошумча төлөмдөрдү кароо жана макулдашуу.", "Кытай Эл Республикасынын Хэнань Университети менен биргеликте Жибек Жолу институтун түзүүгө даярдануу" жөнүндө жана башка маселелер каралды.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев, экинчи маселе боюнча пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Гулназ Мысакулова баяндама жасашты.

Кытай Эл Республикасынын Хэнань Университети менен биргеликте Жибек Жолу институтун түзүү тууралуу КУУнун ректору Канат Садыков айтып берди.

Күн тартибинин "Ар түрдүү" бөлүмүндө "Магистратура бөлүмүн тармактык магистратура (КМШ, ШКУ) жана PhD бөлүмүнө өзгөртүү", "Тарых жана чөлкөм таануу факулътетинин "Жалпы тарых" кафедрасын “Азия, Африка мамлекеттеринин тарыхы” кафедрасы жана “Европа, Америка мамлекеттеринин тарыхы” кафедрасы кылып кайра түзүү, "Социология жана социалдык иш кафедрасынын социологиялык лабораториясын социалдык-гуманитардык илимдер факулътетинин А.Табалдиев атындагы социомаданий изилдөөлөрдүн социологиялык борбору кылып өзгөртүү", "Материалдык камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуу секторун мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнө өзгөртүү", "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмдерин пайдалануу менен инвестицияларды тартуу" сыяктуу маселелер каралды.

Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрү аталган маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.

Жыйындын соңунда, Канат Садыков Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсү Аманбек Жайнаковго анын Россия табигый илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайланганы тууралуу расмий документти тапшырды.

02

04

05

06

08

10

12

14

16

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

press knu 2021