Ишемби, Сентябрь 18, 2021

Ректордун Майраш Базлакуновага берген интервьюсу

Абитуриенттерди каттоо-2021

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Ректорат менен профсоюз комитети "Баткен элине” гуманитардык акциясына катышууга чакырат

00

Урматтуу кесиптештер, болуп жаткан абалга кайдыгер карабаган  бардык боорукер  жарандар! Үстүбүздөгү жылдын 28-30-апрелиндеги Баткен облусунда болгон кайгылуу окуялар ар бир жарандын жүрөгү аркылуу өттү. Кыргызстандын чек араларынын кол тийбестиги, тынч элдердин коопсуздугуна жана бейпилдигине коркунуч келтирилген жана бузулган бул жерде - чек арадагы айылдарда, аскердик соккулардын жана сырттан келген кылмыштуу куралдуу баскынчылыктын натыйжасында 107 турак үй талкаланган (анын ичинен 42 билим берүү кызматкерлеринин үйү өрттөлгөн же тонолгон), 2 мектеп, фельдшердик  жана акушердик пункт өрттөнүп, ок атылды, бала бакча жана башка турмуштук маанилүү объектилер,  бул окуяларда 200гө жакын кыргызстандыктар жаракат алган, 36 адам  анын ичинде  жаш балдар каза болду.  Чыр-чатак чыккан аймактан 33 миңден ашуун адам эвакуацияланып  жергиликтүү тургундарга олуттуу материалдык чыгым келтирилген.

КУУнун администрациясы жана профсоюз комитети кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда жапа чеккен Баткен элинин  тургундарына материалдык жардам көрсөтүүгө багытталган "Баткен элине” деп аталган университеттик гуманитардык жана жарандык акцияга катышууга чакырат. Гуманитардык жардамды сиз акчалай, кийим-кече, бут кийим, жууркан, шейшептер, тамак-аш (узак мөөнөткө сакталышы керек), суу, дары-дармектер (бинттер, пахта кебези, йод, суутек перекиси, калий перманганаты, бир жолу колдонулуучу шприцтер), балдар жана чоңдор үчүн гигиеналык  каражаттар (кагаз сүлгүлөр жана нымдуу сүлгүлөр, жуунучу каражаттар) бир жолу колдонууга ылайыктуу  идиштер, ашкана идиштери, балдар оюнчуктары жана башкалар менен берсеңиз болот.

Гуманитардык жардам төмөнкү дарек  боюнча  кабыл алынып, жүргүзүлөт: Турусбеков көчөсү 109, №7 окуу корпусу, №110 бөлмө. Гуманитардык жардамды кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо жана тутумдаштыруу үчүн жооптуу адамдар:

  • Калмырзаева Дамира Жеңишбековна (корпустун коменданты),
  • Темиров Бекжан Кайыпбекович (КУУнун окуу иштери боюнча проректору) - Университеттин  гуманатардык жардамын чогултуу боюнча комиссиянын төрагасы.

Жабыла көтөргөн жүк жеңил дегендей, баарыбыз жардамга кол суналы.

Байланыш телефондор: 0709 49-23-63;  0550 79-39-89

* * *

КУУнун администрациясы

Профсоюз комитети

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 438 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Рахат 07.09.2021 15:12
    Здравствуйте можно ли перевестись с БГУ на Национальный университет

    Толугу менен...

     
  • мерим 24.08.2021 13:53
    я учусь на факультете юриспруденция, могу ли я перевестись на педагогический 2

    Толугу менен...

     
  • Асель 21.08.2021 10:45
    Колледж английский переводчика канча жыл контракт канча

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Нурпери 02.09.2021 17:38
    Саламатсызбы мен быйыл 2-курсмун Иностранныйфаку льтет котороюн дедим эле прием канчанчы числого чейин ...

    Толугу менен...

     
  • Миргул 14.08.2021 13:54
    Саламатсыздарбы быйыл КНУ да окуу онлайн болобу же оффлайн ушуга жооп берип коюнуздарчы сураныч????????

    Толугу менен...

     
  • Баян Раимкулова 28.07.2021 21:57
    Здравствуйте!Я поступила в факультет биологии в 2021году.Как можно заселиться в общежитии?

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары