Жума, Май 07, 2021

КУУнун жетекчилери ишембиликке чыгып, арча менен кайыңдын көчөттөрүн отургузушту

0Аймактарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча Бишкек мэриясы тарабынан жарыяланган үч айлыктын алкагында 2021-жылдын 17-апрель күнү КУУнун ректору Канат Садыков, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров жана биология факультетинин жетекчилиги менен студенттери ишембиликке чыгышып, окуу жайдын ботаникалык багындагы жер тилкесине арча менен кайыңдын көчөттөрүн отургузушту.

Иш чаранын башында ректор ботаникалык бактын аймагын кыдырып чыкты. Ал жердин абалы, көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, ботаникалык бактын башчысы Улукбек Невераев менен Түштүк Корея өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча эл аралык программасын (KOPIA) Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча борбордун өкүлү Аркадий Кан айтып беришти.

Алардын айтымында, буга чейин ботаникалык бакта сугат маселеси чечилбей келсе, 2020-жылы университет бөлгөн каражатка скважина казылып, суу чыгарылган. Суу маселеси чечилген соң, бак-дарактар тигилип, биология факультетинин окутуучулары менен студенттеринин окуу жана илимий-тажрыйба иштерин жүргүзүү үчүн ботаникалык бактын аймагы "Мөмөлүү дарактар", "Чөп өсүмдүктөрү жана гүлдөр", "Декоративдүү дарактар жана бадалдар" деп аталган 3 тилкеге бөлүнүп, эксперименттер жүргүзүлө баштады. 

Белгилеп кетчү нерсе, 2021-жылдын 21-январында KOPIA менен түзүлгөн келишимдин негизинде ботаникалык бактын аймагына жаңы технологияларды колдонуу менен иштей турган заманбап күнөскана курулуп, ал жерде Кыргызстандын фермерлери, дыйкан чарбалары жана биология факультетинин студенттери үчүн Түштүк Кореянын айыл-чарба тармагындагы жетишкендиктери, топуракты иштетүү, тамчылатып сугаруу боюнча жаңы технологиялары көрсөтүлүп, семинар, сабактар өтүлөт жана тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт.

Кореялык инвесторлор о.э. ботаникалык бактын ичинде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, жогоруда айтылган сабактарды өтүү үчүн "жайкы" жана "кышкы" дарсканаларды курушат. 

Ишембиликтин соңунда, ректор ботаникалык бакта алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, прогрессивдүү өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеп, ботбактын башчысы Улукбек Невераевге ыраазычылык билдирди жана ийгиликерди каалады.

PS:

Материал сайтка илинип жатканда басма сөз кызматына KOPIAнын Кыргызстандагы борборунун директору Ли Санг Дук мырза келип, аталган уюм тууралуу кеңири маалымат берип, жазылган маалыматтар так экенин тастыктап, өзүнүн презентациясын таштап кетти.

Ал, жогоруда айтылгандардан сырткары, селекция иштери да жүргүзүлөөрүн белгилеп, Кореядан жана башка мамлекеттерден алынып келинген өсүмдүктөрдүн уруктары ботаникалык бакта текшерилип, апробациядан өтүп, жыйынтыгында, ал өсүмдүктөрдүн Кыргызстандын шартына ылайыкташтырылган, жергиликтүү сорттору чыгарылаарын билдирди. Мындан сырткары, ботаникалык бакта Технопарк ачылып, ал жерде айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, сугаруу жана топуракты иштетүү боюнча Кореянын заманбап технологиялары көрсөтүлөт.

Кызыктуу маалыматтары жана презентациясы үчүн КУУнун басма сөз кызматы Ли Санг Дук мырзага терең ыраазычылык билдирет. 

02

04

06

08

10

12

13

14

16

18

20

22

24

26

28

32

34

36

38

40

42

44

46

KOPIAнын директору Ли Санг Дук мырза

press knu 2021

Тема боюнча кошумча материал:

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 540 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Абдылас 06.05.2021 11:52
    Саламатсызбы мен Тургуналиев Абдылас Кыргыз Улуттук университетке 2019 жылы экономикалык факультетке ...

    Толугу менен...

     
  • Эркинай 02.05.2021 02:20
    Саламатсызбы мен быйыл 1 курусту аяктайм БМПК дан КНУ которулайн дегем экономический факультетине ...

    Толугу менен...

     
  • Gulmira 18.04.2021 08:43
    Саламатсыздарбы ? Мен 2016 жылы КГҮСТА унив колдонмо информатика факултетин аяктагам. Мен ...

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Эркинай 02.05.2021 02:26
    Мен быйыл 1 курусту аяктайм БМПК дан КНУга которулайн дегем. Башталгыч классты окуутудан экономический ...

    Толугу менен...

     
  • Айгуль 21.04.2021 11:12
    Саламатсыздарбы мен сиздердин окуу жайыныздарга башка ВУЗдан которулайын деген болчум кандай кылып ...

    Толугу менен...

     
  • Diana 19.04.2021 13:16
    Саламатсызбы мен, КУУ -нун экономикалык колледжинин выпускницасымын , ушул колледждин диплому менен мен ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары