Жума, Май 07, 2021

Илимий китепкананын директору М.К.Джаилканова АЭБдин аткаруучу директору болуп шайланды

nb ruk

Илимий китепкананын директору Мая Джаилканова 2021-жылдын 24-мартындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайлар китепканаларынын, о.э. башка Кыргызстандын китепкана илимин өнүктүрүү кызыкчылыгын көздөгөн китепканалык-библиографиялык жана маалыматтык мекемелердин иш-аракеттерин активдештирүү жана координациялоо максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм – Электрондук китепканалар ассоциациясынын (ЭКА – АЭБ) аткаруучу директору кызматына шайланды.

Эскерте кетсек, КУУнун илимий китепканасы 2011-жылдан тартып АЭБдин мүчөсү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 24 китепканасы: 17 университеттик китепкана, 4 коомдук китепкана жана 3 орто кесиптик колледж китепканасы Ассоциациянын мүчөсү.

2011-жылдан бери Кыргызстандын китепканасынын: КУУ, КРСУ, КМТУ, КГУСТА, МУК, КМЮА, БГУ, ЫМУ, ЖаГУ, ОшТУ, ОшМУ, НМУ, КР Улуттук китепкана, МПТК, МУК, МУЦА электрондук каталогдорун жайгаштырган Борбордук Азиядагы эң ири маалыматтык-билим берүү порталдарынын бири KIRLIBNET веб-сайты иштеп келе жатат.

Аталган сайттын ачык архивинде АЭБдин мүчөлөрү болгон китепканалардын толук тексттик окуу, билим берүү жана илимий электрондук булактары: диссертациялардын тезистери, диссертациялар, ЖОЖ жана МПТК Жарчылары, монографиялар, окуу китептери, патенттик документациялар, лекциялар жана окуу-методикалык куралдар, илимий-изилдөө иштери боюнча отчеттор, чакан жана орто бизнеске жардам берүүчү жыйнактар, МПТК маалыматтары жана библиографиялык көрсөткүчтөрү камтылган.

2015-жылы Электрондук Китепканалар Ассоциациясы тарабынан «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун каржылык колдоосу менен «Ачык билим берүүчү ресурстар: Кыргызстан ЖОЖдору үчүн жаңы ачылыш» долбоору ишке ашырылган.

2019-жылы Электрондук китепканалар ассоциациясы жаңы маалыматтык технологияларды иштеп чыгуучулар жана пайдалануучулардын Эл аралык Ассоциациясы (ЭБНИТ Ассоциациясы, Москва, Россия) менен келишим түзүп, (http://www.elnit.org/) Кыргызстандын аймагында китепканалык-маалыматтык технологияларды автоматташтырууга арналган, ИРБИС 64+ китепканаларын автоматташтыруу тутумунун программалык продуктуларын ишке ашыруу үчүн лицензия алган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде 2020-2021-окуу жылына окуу процессин уюштуруу жөнүндө» 2020-жылдын 17-мартындагы №631/1 буйругу менен   Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилерине менчигинин формасына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен, атап айтканда, КИРЛИБНЕТ электрондук китепканаларынын ресурстарын пайдалануу менен окуу процессин онлайн режиминде уюштурууга буйрук берилген.

kln

Коккозова Т. - илимий китепкананын башкы библиографы

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 526 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Абдылас 06.05.2021 11:52
    Саламатсызбы мен Тургуналиев Абдылас Кыргыз Улуттук университетке 2019 жылы экономикалык факультетке ...

    Толугу менен...

     
  • Эркинай 02.05.2021 02:20
    Саламатсызбы мен быйыл 1 курусту аяктайм БМПК дан КНУ которулайн дегем экономический факультетине ...

    Толугу менен...

     
  • Gulmira 18.04.2021 08:43
    Саламатсыздарбы ? Мен 2016 жылы КГҮСТА унив колдонмо информатика факултетин аяктагам. Мен ...

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Эркинай 02.05.2021 02:26
    Мен быйыл 1 курусту аяктайм БМПК дан КНУга которулайн дегем. Башталгыч классты окуутудан экономический ...

    Толугу менен...

     
  • Айгуль 21.04.2021 11:12
    Саламатсыздарбы мен сиздердин окуу жайыныздарга башка ВУЗдан которулайын деген болчум кандай кылып ...

    Толугу менен...

     
  • Diana 19.04.2021 13:16
    Саламатсызбы мен, КУУ -нун экономикалык колледжинин выпускницасымын , ушул колледждин диплому менен мен ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары