Жума, Май 07, 2021

КУУда профессор Закирбек Эралиевдин 80-жылдык мааракесине аралган ИПК болуп өттү

002021-жылдын 9-апрель күнү башкы имараттагы К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборунда Кыргызстандын көрүнүктүү тарыхчысы, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Эралиев Закирбек Эралиевичтин 80-жылдык мааракесине (1940-2010) арналган республикалык илимий-практикалык конференция жана анын  жаркын элесине арналган “Даркан илимпоз” аттуу китептин бет ачары болуп өттү. 

Жыйынды КУУнун ректору Канат Садыков ачып, Закирбек Эралиевичтин Улутук университетке Жусуп Баласагындын ысымын ыйгарууда кошкон салымын белгилөө менен, окумуштуу тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Тарыхчы-окумуштуунун 80-жылдык мааракесине арналган видео тасма көрсөтүлгөн соң, “Даркан илимпоз” аттуу китептин түзүүчүсү, т.и.д., профессор Ташманбет Кененсариев сөз сүйлөп, китептин жазылуу себептери, структурасы жана мазмуну жөнүндө айтып берди.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандагы белгилүү окумуштуулар жана кесиптештери Закирбек Эралиев тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү:

  • А.А.Асанканов - УИАнын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, т.и.д., профессор;
  • К.С.Молдокасымов - КР Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фондунун терагасы, т.и.к., доцент;
  • Ж.Ж.Жакыпбеков - Кыргызстан тарыхы кафедрасынын профессору, т.и.д.;
  • Ж.К.Момбекова - Кыргызстан тарыхы кафедрасынын профессору, т.и.к.;
  • М.Исабекова - Жалпы тарых кафедрасынын доценти, т.и.к.;
  • Т.Б.Шейшеканов - Жалпы тарых кафедрасынын доценти, т.и.к.;
  • А.Р.Бикбулатова - Археология, этнология, тарыхнаама жана тарыхый информатика кафедрасынын профессору, т.и.д.;
  • Ж.О.Омурова - Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор;
  • Р.Жолдошев - Жалпы тарых кафедрасынын доценти, т.и.к.;
  • С.А.Арзыгулова - Кыргызстан тарыхы кафедрасынын ага окутуучусу.

Закирбек Эралиевдин үй-булөсүнүн жана туугандарынын атынан окумуштуунун иниси Ы.Э.Эралиев сөз сүйлөп, окумуштууларга, кесиптештерине  жана иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

02

04

06

08

10

12

14

16

20

22

24

26

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

book 01

book 02

book 03

book 04

book 05

book 06

book 07

Кыскача маалымат

Кыргызстандын көрүнүктүү тарыхчысы Закирбек Эралиев 1940-жылдын 22-апрелинде Ош облусунун Лейлек районуна караштуу Булакбашы айылында туулган. Тарых илимдеринин доктору (1991), профессор (1992). 

Орто мектепти аяктагандан кийин, 1958-1963-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуп, билим алган. 

Эмгек жолун 1963-жылы мектепте мугалим болуу менен баштаган.

КМУнун тарых факультетинин СССРдин тарыхы кафедрасынын аспиранты болуудан башталган илимий-агартуучулук жолунда ал 2010-жылга чейин кафедра башчы, факультеттин деканы, институттун директору жана башка кызмат орундарында эмгектенип, өмүрүнүн аягына дейре Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде иштеп келген.

1973-жылы кандидаттык, 1990-жылы докторлук диссертацияларын коргоп, тарых илимдеринин көрүнүтүү илимпозуна өсүп жеткен.

1981-жылы доцент, 1993-жылы профессор окумуштуулук наамын алган.

1969-жылдан КМУнун тарых факультетинде улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, тарых, чыгыштаануу факультеттеринин деканы.

2001-жылдан КМУУнун социалдык илимдер институтунун директору кызматын аркалаган.

200дөн ашык илимий эмгектердин, анын ичинде 10 монография, 20 окуу китептеринин жана окуу-усулдук куралдардын автору, бир канча илимдин докторлорун жана кандидаттарын жетектеген.

Кыргыз Республикасынын билим беруусунө эмгек сиңирген ишмер (1998).

2010-жылдын 12-июлунда 70 жашында Бишкек шаарында каза болгон.

Негизги чыгармалары:

  • Исторические науки и процессы межнациональных конфликтов. Ош, 1999
  • Жусуп Баласагын. Бишкек, 2000
  • Жусуп Баласагын - кыргыз элинин керунуктуу ойчулу. Бишкек, 2003
  • Искак Раззаков - кыргыз элинин улуу уулу, Бишкек, 2010

press knu 2021

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 476 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Абдылас 06.05.2021 11:52
    Саламатсызбы мен Тургуналиев Абдылас Кыргыз Улуттук университетке 2019 жылы экономикалык факультетке ...

    Толугу менен...

     
  • Эркинай 02.05.2021 02:20
    Саламатсызбы мен быйыл 1 курусту аяктайм БМПК дан КНУ которулайн дегем экономический факультетине ...

    Толугу менен...

     
  • Gulmira 18.04.2021 08:43
    Саламатсыздарбы ? Мен 2016 жылы КГҮСТА унив колдонмо информатика факултетин аяктагам. Мен ...

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Эркинай 02.05.2021 02:26
    Мен быйыл 1 курусту аяктайм БМПК дан КНУга которулайн дегем. Башталгыч классты окуутудан экономический ...

    Толугу менен...

     
  • Айгуль 21.04.2021 11:12
    Саламатсыздарбы мен сиздердин окуу жайыныздарга башка ВУЗдан которулайын деген болчум кандай кылып ...

    Толугу менен...

     
  • Diana 19.04.2021 13:16
    Саламатсызбы мен, КУУ -нун экономикалык колледжинин выпускницасымын , ушул колледждин диплому менен мен ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары