Шаршемби, Апрель 14, 2021

Абдыганы Халилов “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамына татыктуу болду

Журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын доценти Абдыганы Халилов “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамына татыктуу болду. Аталган сыйлыкты өлкө башчысы Садыр Жапаров 2021-жылдын 2-апрелинде мамлекеттик резиденциянын азем залында салтанаттуу түрдө тапшырды. КУУнун жалпы жамааты Абдыганы Дарманбековичти татыктуу сыйлыгы менен чын дилден куттуктап, агайга чың-ден соолук, иштерине ийгилик каалайт!

02

04

06

Кыскача маалымат

Халилов Адыганы Дарманбекович 1975-жылы А.А.Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика кафедрасына окутуучулук кызматка орношуу менен эмгек жолун баштайт. Талыкпаган эмгектин натыйжасында 1980-1994-жылдардын аралыгында ага окутуучу, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде декандын окуу иштери боюнча орун басары кызмат орундарын татыктуу аркалаган.

Замандын талабына ылайык, 1995-жылы Түркиянын Стамбул шаарындагы Мармар университетинин социалдык-гуманитардык институтуна докторантурага тапшырып, ишин ийгиликтүү жактап, 1999-жылы КУУнун журналистика факультетинин басма сөз кафедрасынын башчысы катары педагогикалык ишмердигин улантат. Ушул эле учурда Кыргыз Республикасынын “Журналистика” адистиги боюнча мамлекеттик стандартын, о.э. ушул адистик боюнча жаңы муундагы мамлекеттик билим берүү стандартынын иштеп чыгуучуларынын бири болуп эсептелет.

2007-жылы факультеттин деканы болуп дайындалып, бул кызматты 2015-жылга чейин үзүрлүү аркалап, мыкты уюштургуч экендигин далилдей алды.

Агайдын агартуу тармагындагы көп жылдык ак эмгеги үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, КР Элге билим берүүнүн отличниги, Ж.Баласагын атындагы КУУнин Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери наамдарына татыган.

Отуз алты жылдан ашуун журналистика факультетинде үзүрлүү эмгектенген агайдын илимий ишмердүүлүгүндө кыргыз журналистикасынын, анын ичинде кыргыз басма сөзүнүн тарыхы, Ата Мекендик журнал периодикасынын тарыхы жана өнүгүшү, журналисттик иликтөө, журналистиканын актуалдуу маселелери сыяктуу 40тан ашуун орчундуу илимий макалалары Ата Мекендик жана чет элдик илимий басылмаларда системалуу басылып чыгып турган.

Ошондой эле, агайдын дагы сөз кыла кетүүчү авторлош эмгеги – бул  “Журналисттик иликтөө”. Китеп бул багыт боюнча Кыргызстанда биринчи чыккан эмгек катары өзүнүн баалуулугун далилдейт.........

Биз сыймыктануу менен сөз кылып жаткан агайыбыз 40 жылдан бери факультеттин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, тынымсыз эмгектенүү менен факультетке бүт өмүрүн арнаган десек ашыкча болбос. Ушул жылдардын ичинде агайдан билим алып кеткен студенттердин арасынан чыныгы профессионалдык чеберчилиги, чыгармачылык интеллекти менен жалпы журтка белгилүү болгон мыкты журналисттердин, жазуучулардын, акындардын, ММКнын жетекчилеринин гана агайы болбостон, факультеттеги канчалаган жаш окутуучулардын  устаты, насаатчысы, кеӊешчиси катары кайсы учурда кайрылбагын өзүнө мүнөздүү токтоолугу, сабырдуулугу менен, өзүнүн билим, эмгек тажрыйбасы менен бөлүшүп кеңешин берип келет.

press knu 2021