Шаршемби, Апрель 14, 2021

КУУнун окутуучулары менен студенттери Мамлекеттик тил боюнча семинарга катышты

002021-жылдын 26 март күнү факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы Билим берүү жана илим министрлигинин сектор башчысы Г.У.Ибраимова менен биргеликте аталган ведомствонун санариптик аянтчасында “Мамлекеттик тилди жана адабиятты ЖОЖдо окутуу: азыркы абалы, тажрыйбалар, көйгөйлөр” аттуу ЖОЖдор аралык атайын окуу-методикалык семинарын Zoom программасы аркылуу онлайн форматта өткөрдү.

Аталган иш-чара факультеттер аралык мамлекеттик 2018-жылдан бери системалуу түрдө факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.К.Осмоналиеванын жетекчилиги астында жана “Кыргызтест” мекемесинин башчысы Б.Б.Топоева-Ставинская менен биргеликте уюштурулуп келүүдө.

Окуу-методикалык семинарда төмөнкү маселелер талкууланды:


Иш-чаранын негизги максаты - Кыргыз тилин денгээлдик “Кыргызтест” системасын КУУга киргизүү этаптарын көрсөтүү жана   европалык эл аралык шкала  боюнча кыргыз тили  дисциплинасын факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасында жайылтуу, өркүндөтүү иштеринин  мааниси тууралуу окуу-методикалык семинардын катышуучуларына жеткирүү.

Окуу-методикалык семинардын аягында Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин төрайымы Б.Б.Топоева-Ставинская сөз сүйлөп, кафедра башчысы Г.К.Осмоналиевага, ага окутуучу  Ж.Ш.Узекеевага  жана жаш илимпоз, журналистика факультетинин студенти  А.Бирбаевге мазмундуу баяндамалары үчүн ыраазычылык билдирип, кафедрада жасалып жаткан алгылыктуу иштерге жогорку  баа берип, кызматташууну улантууга даяр экенин белгиледи.

Андан соң Билим берүү министрлигинин мамлекеттик тил боюнча сектор башчысы  Г.У.Ибраева Кыргыз Республикасынын 2020-2025-жылына кабыл алынган жаңы Улуттук программасын аткаруу боюнча маалымат берип, ЖОЖдордун мамлекеттик тил кафедраларынын  башчыларынын, жетекчилердин  жана жалпы профессор-окутуучуларды мамлекеттик тилди денгээлдер боюнча окутууга  жигердүү катышып, жооптуу мамиле кылууга үндөдү.

Конференцияда ОшГУ, ЖАГУ, БГУ, КГМА, КРСУ, КГТУ, КЭУ, КГЮА, И.Арабаев атындагы КМУ ж.б. жогорку окуу жайларынын мамлекеттик тил кафедраларынын башчылары, КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор С.А.Тиллебаев, КУУнун мамлекеттик тил кафедрасынын жамааты болуп, жалпысынын 60ка жакын адам катышты.

01

02

04

06

08

Биздин өнөктөштөр:

05

Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1616 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Дарина 24.03.2021 21:14
    Саламатсыздарбы ,мен быйыл 2021ж Бишкек медициналык колледжи бүтөм анан КНУга биохим факультетине ...

    Толугу менен...

     
  • Гульмира 27.02.2021 23:13
    Саламатсыздарбы ?биология жана химия факультеттери жонундо толук маалымат бериниздерчи.

    Толугу менен...

     
  • Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
    Саламатсыздарбы ! Мен азыркы учурда Адам университетинин 1 курсунда экономика факультетинде окуйм . 1 ...

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Мээрим 31.03.2021 17:51
    Саламатсызбы менин уулум былтыр мектепти аяктаган, орт тапшырган, бирок окууга тапшыра албай ...

    Толугу менен...

     
  • Адинай 14.03.2021 17:55
    Саламатсызбы? Кайсы факультеттерде бюджетттик орундар бар?

    Толугу менен...

     
  • Усонов Умот 03.03.2021 15:26
    Здравствуйте, я Студент из МУКР 2 курс, можно ли перевестись на Стамотологическ ий факультет

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары