Шаршемби, Апрель 14, 2021

Эл аралык кызматташуу ишке ашууда

00

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети менен Казакстандын Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин журналистика жана саясат таануу факультетинин ортосунда коомчулук менен байланыш жана журналистика багыттары боюнча (магистратура) кош дипломдуу билим берүү келишими иштелип чыгып, кол коюу процесстери жүрүүдө. Келишимде факультеттердин ортосундагы эки жактуу кызматташуу, анын ичинен академиялык мобилдүүлүк, студенттер менен магистранттардын стажировкасы, биргелешкен илимий долбоорлор ж.б. у.с. маселелер каралган.

Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылдын 19-майында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети менен Казакстандын Нурсултан шаарындагы Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин журналистика жана саясат таануу факультетинин онлайн жыйыны болуп өткөн. Ага Кыргыз улуттук университеттин атынан журналистика факультетинин деканы, ф.и.к., доцент Дуйшекеева Айна Талгарбековна, мезгилдүү басма сөз кафедрасынын доценти Халилов Абдыганы Дарманбекович, мезгилдүү басма сөз кафедрасынын башчысы, ф.и.к., профессор Джумагазиева Нуржан Курманбековна, коомчулук менен байланыш жана жарнама иши кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Максутова Бегайым Борукуловна жана мезгилдүү басма сөз кафедрасынын ага окутуучусу Кылычбаева Элмира Закиралиевна катышышкан. Ал эми Евразия университетинен журналистика жана политология факультетинин деканы, ф.и.к., профессор Кайрат Омирбаевич Сак, телерадио жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Серикзат Дуйсенгазы, басма сөз жана басма иши кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Гульмира Аширбекова, телерадио жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын ага окутуучулары Айжан Пернебекова жана Айгерим Мурат катышып, өз пикирлери менен бөлүшүшкөн.

Анда Коомчулук менен байланыш жана журналистика багыттары боюнча (магистратура) кош дипломдуу билим берүү келишимин түзүү жөнүндө пикирлер айтылып, факультеттердин ортосундагы эки жактуу кызматташуунун нюанстары каралып, талкууланган. Андан тышкары келишимдин шарттары, окуу пландары тууралуу ой пикирлер айтылган.

02

04

06

08

10

12

14

16

Перизат Джаныбекова - радиостудиянын адиси

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1607 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Дарина 24.03.2021 21:14
    Саламатсыздарбы ,мен быйыл 2021ж Бишкек медициналык колледжи бүтөм анан КНУга биохим факультетине ...

    Толугу менен...

     
  • Гульмира 27.02.2021 23:13
    Саламатсыздарбы ?биология жана химия факультеттери жонундо толук маалымат бериниздерчи.

    Толугу менен...

     
  • Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
    Саламатсыздарбы ! Мен азыркы учурда Адам университетинин 1 курсунда экономика факультетинде окуйм . 1 ...

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Мээрим 31.03.2021 17:51
    Саламатсызбы менин уулум былтыр мектепти аяктаган, орт тапшырган, бирок окууга тапшыра албай ...

    Толугу менен...

     
  • Адинай 14.03.2021 17:55
    Саламатсызбы? Кайсы факультеттерде бюджетттик орундар бар?

    Толугу менен...

     
  • Усонов Умот 03.03.2021 15:26
    Здравствуйте, я Студент из МУКР 2 курс, можно ли перевестись на Стамотологическ ий факультет

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары