Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү
2021-жылдын 18-февраль күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров алып барган жыйында "КУУнун кызматкерлери жазган окуу куралдарына министрликтин грифин алуу", "КУУнун кызматкерлерине доцент окумуштуулук наамын ыйгаруу", "КУУнун кызматкерлеринин докторлук темаларын бекитүү", "Келишимдик негизде окуп жаткан студенттерге жеңилдиктерди берүү" жөнүндө жана башка маселелер каралды.
Жыйындын башында Бекжан Темиров Улуттук университетте 47 жылдан бери окумуштуу катчы болуп иштеп кеткен Елена Александровна Терлыганы 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, ректораттын куттуктоо катын жана белектерди тапшырды.
Ветеран айымды маарекеси менен о.э. эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Рысбүбү Бейбутова, профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков жана физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы, УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор Эсенбек Мамбетакунов куттукташты.
Жыйынга онлайн режимде катышып жаткан КУУнун ректору Канат Садыков дээрлик жарым кылым бою КУУнун окумуштуу катчысы болуп иштеген Елена Александровнанын бүгүн биздин арабызда болуп жатканы өтө жагымдуу окуя экенин, аны менен чогуу иштеген жылдар эстен кетпээрин билдирип, ветеран айымды 80 жылдык маарекеси менен жылуу куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат жана үй бүлөлүк бакубат жашоо каалады.
Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү Канат Садыковду дагы бир жолу 60 жаш кутман курагы менен куттуктап, өз жетекчисине бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалашты жана анын жоопкерчиликтүү ишмердиги мындан ары да Улуттук университеттин гүлдөп-өнүгүшүнө, жогорку окуу жайлар арасындагы аброюнун өсүшүнө, чоң коллективдин ичиндеги ынтымак-ырашкерликтин бекемделишине өбөлгө болушуна тилектеш экенин билдиришти.
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров сөз сүйлөп, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин доценти, э.и.к., П.А.Дооранов менен доцент, э.и.д. И.С.Шатманов тарабынан даярдалган “Международная экономика” аттуу окуу китебине; маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин доценти А.П.Деминенко менен инженер Шадыбек уулу Абдулла тарабынан даярдалган “Информационная безопастность и защита информации” аттуу окуу куралына жана профессор, т.и.к. А.Э,Джоробекова, профессордун м.а., п.и.д. К.Ч.Султанбекова жана ТИМдин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын автордук жамааты тарабынан даярдалган “Актуальные проблемы международных отношений и мировой политики” аттуу окуу куралына министрликтин грифин алуу боюнча сунуш киргизди.
КУУнун окумуштуу катчысы Гүлзыйнат Аркабаева күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча билдирүү жасап, э.и.к., экономика факультетиинин финансы кафедрасынын доценти Мурзаибраим уулу Ренатка, п.и.к., физика жана электроника факультетинин физиканы окутуу технологиялары жана табият таану кафедрасынын доценти Рапия Исаевага, ф.и.к, кыргыз филологиясы факультетинин филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти Нуриса Тыныстановага, э.и.к., экономика факультетинин банк иши жана салык салуу кафедрасынын доценти Тамара Имаралиевага, э.и.к., экономика факультетиинин экономика кафедрасынын доценти Нургүл Ураимовага жана э.и.к., экономика факультетиинин финансы кафедрасынын доценти Эльвира Сатылгановага "доцент" окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизди.
Илимий иштер боюнча проректор Асылбек Чекеев КУУнун кызматкерлеринин докторлук темаларын бекитүү жөнүндө баяндама жасады.
Административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев "Материалдык камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар секторун кайра түзүү", "Келишимдик негизде окуп жаткан студенттерге 2020-2021-окуу жылына жеңилдиктерди берүү" жана "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк проектинин алкагында мини-футбол талаасын куруу" маселелери боюнча баяндама жасады.
Антиплагиат системасынын жобосун кайра бекитүүнүн зарылдыгы боюнча окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров маалымат берди.
Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек факультеттин профессору Асипова Нурбубу Асаналиевнаны Кыргыз Республикасынын ардак грамотасына сунуштады.
Жыйындын күн тартибине коюлган бардык маселелер, сунуштар боюнча Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тиешелүү чечимдерди кабыл алышты.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- №5-жатакананын жашоочулары “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш өткөрүштү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Манас-Ордого" барып келишти
- Математика жана информатика факультети - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- КУУнун студенттери “Тоолуктардын ток-шоусуна” катышты
- КУУнун студенттери акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
- Физфактын деканы жеңүүчү студентти куттуктады
- Матфактын активисттери КМТУдагы көргөзмөдө болушту
- Спортсмен–агартуучулар
- Коопсуздук - башкы максат
- Чет тилдер факультетинде "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү
- Матфактын студенттери китеп дүйнөсү менен дайыма байланышта
- Матфактын жамааты окутуучу Асанкулова Айперини куттуктайт!
- Физика жана электроника факультетинде футбол боюнча Декандын кубогу ойнотулду
- Физфакта Мугалимдер күнүнѳ карата чакан концерт ѳткѳрүлдү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери факультеттин окутуучуларын куттукташты
Администратордон
Студенттердин ?-лору
- Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
-
Калыкова
30.01.2021 19:56
Саламатсыздарбы? Почему стипендиатам не выплачиваются стипедии. Из бюджета же начисляются же средства.
-
Сатылганов Максат
27.01.2021 22:47
Здравствуйте,на 2-пересдаче сколько будет вопросов и сколько баллов дадут за правильные ответы ?
Абитуриенттердин ?-лору
-
Зарина
21.02.2021 09:03
Саламатсызбы!ме н 3-чу курстан кийин окуубай калгам.Русская филология факультети 2005ж. Кайра улантсам ...
-
Нур
24.12.2020 19:15
Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...
-
Илгиз
23.12.2020 19:20
Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Akbata Smagulova
06.01.2021 16:59
Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...
-
Усон Эргешов
21.12.2020 17:10
Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...
-
G.K
12.11.2020 21:42
Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Ырыскул
24.05.2020 10:43
Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...