Дүйшөмбү, Март 01, 2021

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Туулган күнүңүз менен, урматтуу Канат Жалилович!

Айыл чарба министрлиги, KOPIA жана КУУнун кызматташуусу тууралуу Меморандумга кол коюлду

00

2021-жылдын 21-январь күнү Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жыйындар залында аталган министрлик менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Айыл чарбасы боюнча Кореянын эл аралык программасынын Кыргызстандагы борборунун (KOPIA) ортосундагы кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда аткарылып жаткан иштер боюнча кириш сөз сүйлөп, бул багытта Кореянын тажрыйбалары менен технологияларын колдонуу максатка ылайыктуу экендигин баса белгиледи.

Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укукттуу Элчиси Ха Тэ Ёк мырза кыргыздар менен корейлердин өнү-түсү, сырткы келбети окшош, бирок эки өлкөдөгү айыл чарбасынын өнүгүү деңгээли андай эместигин белгилеп, соңку мезгилдерде бул багытта Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы иш аракеттер өркүндөп жатканын билдирди. Мисалы, Айыл чарбасы боюнча Кореянын эл аралык программасынын Кыргызстандагы борбору (KOPIA) түзүлүп, аталган борбор Кыргызстандын айыл чарбасына инвестицияларды тартууда.

КУУнун окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров Улуттук университеттин ботаникалык багы окуу жайдын биология жана география багытында окуп жаткан студенттери үчүн окуу, илимий жана тажрыйба базасы катары колдонулуп келе жаткандыгын белгилеп, KOPIA менен кызматташуу бул багытта көптөгөн ийгиликтерди алып келээрине ишенээрин билдирди.

KOPIAнын директору Ли Санг Дук мырза аталган борбордун ишмердүүлүгү боюнча кыскача маалымат берген соң, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, КУУнун окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров жана KOPIAнын директору Ли Санг Дук мырза аталган мекемелердин ортосундагы кызматташуу  боюнча Меморандумга кол коюшту.

Аземге о.э. КУУнун административдик-чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев, ботаникалык багынын башчысы Улукбек Невераев жана “Тянь-Шандын уруктары” айыл чарба кооперативинин директору Аркадий Кан катышты.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

press knu 2021

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 420 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
    Саламатсыздарбы ! Мен азыркы учурда Адам университетинин 1 курсунда экономика факультетинде окуйм . 1 ...

    Толугу менен...

     
  • Калыкова 30.01.2021 19:56
    Саламатсыздарбы? Почему стипендиатам не выплачиваются стипедии. Из бюджета же начисляются же средства.

    Толугу менен...

     
  • Сатылганов Максат 27.01.2021 22:47
    Здравствуйте,на 2-пересдаче сколько будет вопросов и сколько баллов дадут за правильные ответы ?

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Зарина 21.02.2021 09:03
    Саламатсызбы!ме н 3-чу курстан кийин окуубай калгам.Русская филология факультети 2005ж. Кайра улантсам ...

    Толугу менен...

     
  • Нур 24.12.2020 19:15
    Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...

    Толугу менен...

     
  • Илгиз 23.12.2020 19:20
    Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары