Жума, Июнь 18, 2021

Профессор К.Нурбековдун жаркын элесине арналган жыйын болуп өттү

6-окуу имаратында Факультеттер аралык компьютердик борбор ачылды

00

2021-жылдын 14-январь күнү 6-окуу имаратында Факультеттер аралык компьютердик борбор ачылды. Аталган окуяга байланышкан иш чарага КУУнун ректору Канат Садыков, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, академиялык саясат башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн башчысы Лариса Курманалиева, факультет декандары жана түзүм жетекчилери катышты. Борбордун кире беришине тартылган кызыл лентаны ректор кескенден кийин, иш чаранын катышуучулары жаңыдан ачылган Борборго орнотулган компьютерлер менен таанышып чыгышты.

Канат Садыков жыйындын катышуучуларын аталган Борбордун ачылышы менен куттуктап, аны түзүүнүн себептерине токтолду. Ректордун айтымында, мурда 6-окуу имаратындагы компьютердик класстар бирден-экиден болуп, ар кайсы кабатта чачыранды жайгашкан болсо, эми алар бир жерге чогултулуп, студенттер менен окутуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар  түзүлдү. Мындан сырткары, Компьютердик борборду түзүү инженердик кадрлардын штатын оптимизациялоого да мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, 4 компьютердик классты мурда 8 инженер тейлесе, эми 2 эле инженер жетиштүү болот.

Ачылып жаткан Борбордо жалпысынан 5 компьютердик класс бар. Алардын экөөндө 20дан, дагы экөөндө 15тен компьютер орнотулуп, физика жана электроника; химия жана химиялык технология; биология; география, экология жана туризм факультеттеринин студенттери тейленет. Ал эми бешинчи класс – окутуучулар үчүн. Ал жерге кадимки компьютерлер, ноутбуктар жана үч функцияны аткарган принтер орнотулуп, окутуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Алар эми аталган класска келип, онлайн-сабак өтүшсө болот.

Математика жана информатика факультети компьютерге байланышкан адистерди даярдагандыктан, алардын компьютердик классы өзүнчө болот. 

Ректор ушундай эле Компьютердик борборлор 1, 5, 6А жана 8-окуу имараттарында да ачылаарын билдирип, бул иш-аракеттер өлкөбүздөгү санариптештирүү саясатынын талаптарына да ылайык келээрин белгиледи.

02

04

06

08

10

12

13

14

18

24

28

32

34

36

38

press knu 2021

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 2750 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Мелис 05.06.2021 14:09
    Мен программистке тапшырайын деген элем кантракт канча кандай тапшырса болот 9класстан кийин

    Толугу менен...

     
  • Бегайым 30.05.2021 14:11
    Саламатсызбы тарых факультети барбы контракт канча?

    Толугу менен...

     
  • Gulzat 07.05.2021 18:54
    Программистерди н контрагы канча?

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Ибраев Искендер 18.05.2021 18:13
    Саламатсызбы, мен окуудан отчисления болуп кеткем. Бюджет окучумун. Аттестат жана башка документттерди ...

    Толугу менен...

     
  • Медина 10.05.2021 22:30
    Саламатсызбы! Сессия убагында академия алууга мумкунбу

    Толугу менен...

     
  • Батма 07.05.2021 11:34
    Саламатсыздарбы Мен азыркы учурда Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары