Дүйшөмбү, Январь 25, 2021

Айыл чарба министрлиги, KOPIA жана КУУнун кызматташуусу

Айыл чарба министрлиги, KOPIA жана КУУнун кызматташуусу

Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясы регионалдык кызматташууну күчөтөт

00

Бүгүнкү күндө ар бир кесипкөй журналисттин ишмердүүлүгүндө орун алган маалымат журналистикасы жождордогу журналисттик билим берүү процессине заманбап өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууда. Тилекке каршы, маалымат базасынын негизинде жүргүзүлгөн журналисттик иликтөө Борбор Азиянын аймагында өзүнчө жанр болуп калыптана элек. Буга байланыштуу Аль-Фараби атындагы КазУУнун басма сөз жана электрондук ЖМК кафедрасы регионалдык интеграциянын процессин илгерилетүүнү пландоодо.

Ал үчүн академиялык кызматташууну өнүктүрүү, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүндөгү университеттерде журналисттик иликтөөдөгү көлөмдүү маалыматтар боюнча атайын семинарларды уюштуруу жана ал окутуулар аркылуу маалымат булактары менен алмашуу каралган. Андан тышкары, Бишкек, Алматы, Душанбе, Ташкент шаарларында дата журналистика боюнча окуу планын иштеп чыгуу үчүн эл аралык жана жергиликтүү адистердин катышуусунда атайын тренингдер уюштурулары күтүлүүдө. 

Борбор Азия университеттеринин негизги максаты - журналисттик билим берүү боюнча IPDCтин тажрыйбасынын негизинде маалымат журналистикасы багыты боюнча билим берүүнү жакшыртуу. Маалымат журналистикасын Борбор Азиядагы жогорку окуу жайларынын билим берүү процессине интеграциялоо илим-билим жаатындагы регионалдык кызматташуунун өнүгүшүн жана ЮНЕСКОнун эл аралык коммуникацияны өнүктүрүү программасынын иш жүзүндө аткарылышын камсыздайт.

Аталган долбоор Борбор Азиянын 19 университетинде маалымат журналистика боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өз салымын кошот. Бул көрүнүш өз кезегинде журналисттик иликтөөнүн эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Долбоор ЮНЕСКОнун журналисттик билим берүү боюнча атайын окуу программасын Борбор Азиянын 55 университетинде киргизүүнү максат кылат. Аталган аймактагы журналистиканын өзгөчөлүгү - маалыматтын интерактивдүү графика жана визуалдык контент менен толукталышы. 

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн Борбор Азия университеттеринин ассоциациясынын мүчөлүгүнө ээ окумуштуулары журналистика жана коммуникация багытындагы  туруктуу өнүгүү аракеттерине өз салымын кошушат. Буга байланыштуу аль-Фараби атындагы КазУУ 2019-жылдан бери «Data-журналистика» жана «Big Data жана журналистика» магистрдик программаларын ишке ашырып келерин белгилей кетсек.

02

04

06

08

10

12

Перизат Джаныбекова - журналистика факультетинин радиостудиянын адиси

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 878 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • N 17.01.2021 23:47
    Саламатсызбы!2 семестрде кайсы числого чейин востоновления боло алабыз?

    Толугу менен...

     
  • Майрам 11.01.2021 18:42
    Саламатсызбы! Туризм факультетинин контрагы канча сом?

    Толугу менен...

     
  • Кымбат Аскат кызы 04.01.2021 00:49
    Саламатсызбы мен Арабаева университетинде заочный пед.фак. нач.класса окуйм азр эми 2 семестр ...

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Нур 24.12.2020 19:15
    Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...

    Толугу менен...

     
  • Илгиз 23.12.2020 19:20
    Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.

    Толугу менен...

     
  • Жыпара 17.12.2020 21:43
    Авн порталында менин Фио чыкпай атат кандай тапсак болот

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары