Жума, Июнь 18, 2021

Профессор К.Нурбековдун жаркын элесине арналган жыйын болуп өттү

Педагогика факультетинде А.Осмонов менен Ч.Айтматовго арналган жумалык өткөрүлдү

00

Педагогика факультетинде 7-декабрдан 12-декабрга чейин А.Осмонов менен Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган «Адабият - жан азыгы» аттуу жумалык болуп өттү. Филологиялык жана социалдык–экономикалык билим берүү кафедрасынын тилчи, адабиятчы окутуучулары тарабынан уюштурулган иш чаранын алкагында түрдүү номинациядагы конкурстар болуп, студенттер улуу эки залкарга арналган видео-слайддарды көрсөтүп, көркөм окууларды, поэзия кечелерин, ачык сабактарды өткөрүштү.

Ар бир номинация боюнча студенттердин ишин баалоодо п.и.к., доцент Каным Сураналиева, ф.и.к. Бермет Сыдыкбаева, ф.и.к.,доцент Гүлбарчын Исмаилова, ф.и.к,, доцент Зейнеп Кудайбергеновалар жоопкерчилик менен мамиле кылышты.

Жумалыктын жыйынтыгы 11-декабрда чыгарылды. «Үйрөнүп жаткан тилдин методикасы» дисциплинасы боюнча 3-курс студенти Күрүчбек кызы Мээрим «Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы киноискустводо» деген темада дасыккан окутуучулардан кем калышпаган ачык сабак өтсө, ФОК-18 группасынын студенти Туратбек кызы Алина «Алыкул Осмонов  жана музыка» аттуу тарбиялык саатты мыкты деңгээлде өттү.

Андан кийин, «Көчмөндөр цивилизациясы - чыгармачылыктын негизи» аттуу акыл-таймаш оюну өткөрүлүп, катышуучулар көчмөн элибиз колдонгон буюмдар,  улуттук тамак-аштар, каада-салттар, элдик оозеки чыгармалар боюнча ат салышты. Таймаш ФОК-1-20 жана ФОК-1-18 тайпаларынын ортосунда болду. Конкурсанттар салт көрсөтүүдө,  салттуу ырларды жандуу аткарууда жогорку чеберчиликке жетишти.

Мелдеш педагогика илимдеринин доктору Айгүл Мукамбетованын демилгеси жана жетекчилиги менен уюштурулуп, эң жогорку деңгээлде өттү.

Акыл таймашта ФОК-1-18 тайпасы 32 упай менен алдынкы орунга чыкты, ал эми ФОК-1-20 тайпасы 31 упайга ээ болду.

Факультет деканы Рахат Сулайманова жеңүүчүлөрдү жана иш-чараны уюштурган мугалимдерди жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өзүнүн каалоо-тилектерин айтты.

02

Кабылова Света - педагогика факультетини ага окутуучусу

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 2708 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Мелис 05.06.2021 14:09
    Мен программистке тапшырайын деген элем кантракт канча кандай тапшырса болот 9класстан кийин

    Толугу менен...

     
  • Бегайым 30.05.2021 14:11
    Саламатсызбы тарых факультети барбы контракт канча?

    Толугу менен...

     
  • Gulzat 07.05.2021 18:54
    Программистерди н контрагы канча?

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Ибраев Искендер 18.05.2021 18:13
    Саламатсызбы, мен окуудан отчисления болуп кеткем. Бюджет окучумун. Аттестат жана башка документттерди ...

    Толугу менен...

     
  • Медина 10.05.2021 22:30
    Саламатсызбы! Сессия убагында академия алууга мумкунбу

    Толугу менен...

     
  • Батма 07.05.2021 11:34
    Саламатсыздарбы Мен азыркы учурда Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары