Шейшемби, Март 02, 2021

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Туулган күнүңүз менен, урматтуу Канат Жалилович!

Улуттук университетке Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева келди

002020-жылдын 17-ноябрында Улуттук университетке Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева келди. Өкмөт башчынын орун басарын ректор Канат Садыков тосуп алып, мейманга фойедеги LED-экранды, сервердик бөлмөнү, компьютердик классты жана экинчи кабаттагы санарип технологиялар борборун көрсөткөн соң, өкмөт өкүлдөрү менен КУУнун жетекчилери чоң жыйындар залына киришти.

Ректор залда отурган студенттер менен окутуучуларга вице-премьер-министрди тааныштырып жатып, Эльвира Сурабалдиева эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүсү экенин сыймыктануу менен билдирди.

Вице-премьер-министр өз сөзүн 5-октябрда кайтыш болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулун эскерүү менен баштап, студенттерди 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык күнү менен куттуктады. Андан ары ал өлкөдөгү активдүү жарандар деп эсептелген жаштар менен диалог куруу максатында суроо-жоопторго өтүүнү сунуштады.

Студенттер пандемия учурунда мамлекеттик экзаменди тапшыруу, аралыктан окутуу, мектеп жана жогорку окуу жайларынын мугалимдеринин аброюн көтөрүү, тилдерди үйрөнүүнүн мааниси, профориентация иштеринин зарылдыгы, экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору, медициналык тейлөөнү жакшыртуу жана башка маселелер боюнча көптөгөн суроолорду беришип, сунуштарын да айтышты.

Эльвира Сурабалдиева көптөн бери мындай курч, жөнөкөй көрүнгөнү менен татаал суроолор бериле электигин белгилеп, КУУнун жетекчилигине ушундай жолугушууну уюштуруп бергендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди жана берилген суроолордун баарына ачык-айкын, так жана аргументтүү жоопторду берди.

Жолугушуунун соңунда ректор Канат Садыков "өзгөчө оор жана жооптуу тармакты" башкарып жаткан өкмөт башчынын орун басары Эльвира Сурабалдиевага терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

02

03

04

05

06

07

08

12

16

22

23

24

25

26

27

29

34

36

38

40

42

44

47

48

49

50

52

54

56

60

63

80

84

94

press knu 2020

Тема боюнча кошумча материал:

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 263 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
    Саламатсыздарбы ! Мен азыркы учурда Адам университетинин 1 курсунда экономика факультетинде окуйм . 1 ...

    Толугу менен...

     
  • Калыкова 30.01.2021 19:56
    Саламатсыздарбы? Почему стипендиатам не выплачиваются стипедии. Из бюджета же начисляются же средства.

    Толугу менен...

     
  • Сатылганов Максат 27.01.2021 22:47
    Здравствуйте,на 2-пересдаче сколько будет вопросов и сколько баллов дадут за правильные ответы ?

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Зарина 21.02.2021 09:03
    Саламатсызбы!ме н 3-чу курстан кийин окуубай калгам.Русская филология факультети 2005ж. Кайра улантсам ...

    Толугу менен...

     
  • Нур 24.12.2020 19:15
    Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...

    Толугу менен...

     
  • Илгиз 23.12.2020 19:20
    Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары