Шейшемби, Ноябрь 24, 2020

П.Кадырбекова. Илим жөнүндө поэма (үзүндү)

Илим жөнүндө поэма

(илимди көздөй таштак жолум (үзүндү)

Кой үстүнө торгойлор

жумурткалап калды эле.

Ак төөнүн карды жарылып,

алтын заман болду эле.

Коомду алга үндөгөн,

«Коммунизм» доору эле.

80-чи жылдары,

«Кайра куруу» башталган.

Горбачевдун заманы

алга кадам таштаган,

Кулач жайып кеңири,

бүт дүйнөнү каптаган

Германия өлкөсү,

булар да тынч жатпаган.

Америка башкарган

Бүтүн элди как жарган

элге жеткен убалы,

Берлиндеги дубалы

Бекемине карабай,

белчесинен кулады.

Узунуна карабай,

устундары сулады.

Бийигине карабай,

бириндеди, урады.

“Демократия» деп алар

эң биринчи баштаган.

Демократия дегениң,

кан төгүлбөй арада

тынчтыкты бекем сактаган.

Горбачевдун ысымын

дүйнө эли  жаттаган.

Кыргызстан да кайрадан

жаралууну эңсеген.

Эгемендүү мамлекет

болооруну эңсеген.

Эзелтеги каганат

Эске түшүп элимдин

Байыркы бир каганат

байыр алды көңүлдөн,

Тарыхтын бир жылында

тагыраагын айтканда

9-чу кылымда,

Кыргызымдын бийлиги

кыйла жерди ээлеген.

Кыргыз деген этносу

кыйла жерди жердеген.

Барсбек болуп Баш каган,

Бүт кыргызды башкарган.

Айтсак эми кеңири,

Мухаммед Кыргыз (Тагай бий)

Кыргыздын болгон Эмири,

болуп кыргыз каганы,

каалаганын болтурган.

Бириктирип кыргызды

тарыхта из калтырган.

Каалаган ошол мезгилде,

Аты: “Кыргыз Улусу”

“Кыргыз” аттуу уруусу

Теңир Тоодо турушун.

Болгон кыргыз ариби

Рун жазмада алфавит.

Мазар, бейит, көрүстөн

жазылган го  баары бүт.

Аны баары көрүшкөн.

Окумуштуу аалымдар

ага көңүл бөлүшкөн.

Болгон экен жыл санак

аны эми ким танат?

Жыл санагы календарь

жылдыз менен барабар.

Бизге болсо айтышкан:

“Кыргыз эли жазууга

кийин гана жетишкен».

Улуу Октябрь төңкөрүш

Бардыгына ээ кылган,

Кыргыз эли алдыга

кыбырабай тез жылган.

Эми кыргыз ойлонот:

«Кайра куруу заманда

«Кыргыз» аттуу каганат

кантип кайра жаралат?»

Болуп анан өзүнчө

Эгемендүү мамлекет.

Бир Кудайдан башкага

башын такыр ийбеди.

Бир Алладан башканы

көзүнө да илбеди.....

***

90-чу жылдары

Горбачевдун заманы

өтүп бара жатты эле

Өзү менен биргелеп,

кетип бара жатты эле.

Эсил кайран СССР

Эстен кеткис мамлекет

кулаарына аз калган.

«Жаңы заман» дегениң

болооруна аз калган

Ельцин болуп жолбашчы,

митингдерди баштаган.

«Спортивная» метрого

чогулуп элдер батпаган…

Үйдө калбай баарысы,

жашы менен карысы

үйүндө тынч жатпаган.

элден калбай биз дагы,

барып калдык ал жакка,

жаны заман үндөгөн

алга сүрөп  чыкканы

анын сөзүн укканы...

***

Жазайын баштап ырымды,

айтайын эми сырымды.

Илимге карай таштак жол

басканымды айтайын.

Илимий ишти башынан

жазганымды айтайын.

XX-чы кылымдын

80- чи жылдары

Жөнөп калдым окууга

Элден калбай мен  дагы.

***

СССР дин борбору

Мегаполис чоң Москва.

Илиндик деп окууга

сүйүнүчтөр каптаган

Эмне себеп дегенде

жарыш сүрдүү, конкурс чоң,

даярдансаң болот оң.

Ат салышып майданда

келдик  эми марага.

Илиндик деп эми биз,

илимий иш чарага.

***

Илимий иш башталган…

Жатакана жок болуп

кыйынчылык коштолгон.

Бир батирден бирине

көчө берип тажадык,

Алмаштырдык канчасын,

айтып берем, бул анык:

Бир күнү келсем батирге

көр-жеримди эшикке

ыргытып баарын таштаптыр.

Кудай урган үй ээси

жаман жорук баштаптыр.

«Кош бойлуу менин абалым

«Абалымды карагын!»

Деп айтсам дагы болбоду

Кыйкырганын койбоду

жалынсам да болбоду

«Кет» дегенин койбоду.

Январь айы эшикте

Кантип чыгам эшикке?

Чыкыроон кыш келгени.

Кудай сыноо бергени.

Ыйлап турсам жанында

айткан сөзүн карачы:

«Москва ишенбейт көз жашка

Изде, батир, тап, башка!».

А хозяйка говорит:

«Москва слезам не верит!»

Деп айламды курутту.

Бөтөн элде бөлөк жер

көрдүм шундай кордукту…..

***

Ошол XX-чы кылымдын

80 -чи жылдары.

Илимге болгон мамиле

«Куду  динге сыйынуу»

окшош эле экөөсү

бир-биринен калышпай.

Кайсы экен кыйыны?...

Таң кулан-өөк турабыз,

китепкана барганы

орун алыш үчүн биз

кезектерге турганы.

Эшикте, сыртта турабыз

Ленин китепканасы

“Метро Ленин” станция.

Ошол жерден кезектер,

чыгаар менен башталган.

Кар белчеден кечебиз,

тура бермей жадабай.

Көк муштум болуп калганча

анан саатыбызды карамай.

Орун калбайт кеч барсак.

Калат экен кеч турган

ырыскыдан кур жалак.

деп өзүмдү сооротмой

 «Өх!» деп орун тапканда,

кечке чейин ээлемей.

Орунду бере коймокпу

бирөө-жарым ээлесе

ордубуздан турмай жок,

алып коет эмесе.

Башкага көңүл бурмай жок

кечке китеп буюртма

Далай заказ кылабыз

ал антпесек кантипбиз

алга көздөй жылабыз?

Ленин китепканасы

залдын аты номур «5».

Номур«1» ди ээлешет

Окумуштуу -  кесиптеш.

Кайда аларга тең келмей!

Окуйлучу  оболу,

изденүүчү бололу.

Андан кийин тепкичтен

чыгалычы жогору.

Китепкана жабылат

3  шыңгырык берген сон

Ал ансайын берилип.

китептерге үңүлмөй.

3 шыңгырык бүткөн соң,

Жебе 23 кө кеткен соң

болуп элдин акыры

Үйдү көздөй жөнөмөй.

Кайтып келем кечинде

жатаканам турган жер.

Бир орус кыз отурат

жазуусуна үңүлүп

суроо салдым ага мен:

“Ордум менин бош эле

неге  аш үстөлгө окуйсуң

аяктан сен түңүлүп ?

Ал мага жооп кайтарат:

сени айтышты:«келгенде,

иш үстөлүнө отурат

түн бир оокум болгончо.

Жазат илим иштерин.

көңүлүнө толгончо».

Санаам санга бөлүндү.

айтса айтпаса төгүнбү?

ошондой болчу аныгы.

курбу кызы жебиреп,

айткан го сөздүн чыныгын.

Алтын сырга кулакка!

Сен мынча китеп үңүлбө,

аспирантура дегениң

жөнөкөй эле жашоо» деп,

бир көйнөктү мурда  жырткан

эртеси келет курдашым.

Ага айтышкан шекилди:

“Нак «Гестапонун» режимин

түзүп алды жердешиң»

Бул ат мага бекилди.

Башкалардай сыяктуу

билбей эле муң -кайгы

окубайбы жердешиң.

Убакыт деген учкан куш

билбейт го кайтып келбесин.

«Неге мынча өзүңдү

кыйнайсың дейм  мекендеш?

деп мага суроо салганы

«Туура эмес, курбум мындай деш»

жооп кайтарам болгону:

«Ак-караны балдарым,

ажырата элек кез эле.

окуумду бүтүп аларга

барайын деймин тез эле.

Үйдө күтөт аларым,

кичинеси, чоңу да

Апам качан келет деп,

карайт алар жолумду».

кетейин десем бардыгы

кое бербейт колумду.

Бишкектен кайра кайтаарда,

ортончу уулум - Заирим

Аэропортко жибербей

ыйлап жерге жатып алганы,

алдап-соолап  коштошуп,

кайта жөнөп калганым.

Шарт бурулуп басаарда

бутума чап жабышты.

Кетейин деп кете албай

Олку-солку болгонум,

айтар сөздү бүтө албай

уйгу-туйгу ойлорум.

Пессимизм кармады:

кереги эмне коргоонун?

Алдап- соолап сооротуп

(жерде жаткан боюнча)

басылды эми дегенде,

шарт бурула берээрде,

бутума чап жармашты.

Дүйнөм кетти куурулуп,

көзүмдөн жаш куюлуп.

Төрт жаштагы ортончум

сооронбоду дегэле,

мени ала кетчи дейт

“тоскоол болбойм эч эле”.

Айланайын жан балам,

боор эт менен тең балам,

кагылайын садагам.

Тез арада келем деп

ички дүйнөм козголуп,

куса менен коштолуп,

жөнөп калдым мен анан.

***

Чоң Москва калаага….

кайтып келдим «балаага»

ал кезде ал болуучу,

так Вашингтон сыяктуу.

Ломоносов ЖОЖ болсо,

Нак Гарварддын өзүндөй.

Келип алып бөлмөмө

ыйлап бугум чыгармай:

“Неге келем бул жерге

балдарымды карабай,

келип калдым тез эле,

сагынычым тарабай.

Кой дейм, эми турайын.

Көңүлүмдү илимге,

кайра баштан бурайын.

Москва Мамлекеттик

«Ломоносов Универ»

стажировка деген бар:

Аспирантурага киргенге!

кыйын экен билгенге.

Ал жерден окуп такшалмай

илимий иш аткармай

анан сынак текшерүү

кандидаттык экзамен

тапшырамын аны мен.

“Философия” сынагы,

ой жүгүртүү боюнча,

таатал менин оюмча.

“Адистиктен” сынакты

бүтөөрдө берүү шарт экен,

тапшыруу бизге парз экен.

Кийинкиси “чет тили”.

Гумбольдт агам айткандай

Чет тилдерди билгениң

өзгөртөт дүйнө таанымың

Чет тилдерди үйрөнүү

“Түшүнүү башка аалымың”

деп бекеринен айтпаган.

Канча бөлөк тил билген

ошончо ал адамбы?

ойлорун ал курчутуп,

алга таштайт кадамды.

Билдиресиң тил менен

жан дүйнөңдү сезимди.

Окуш керек тилдерди

оболу жаш кезиңде.

80 жылдары

Кетип жатам кайрадан

мегаполис чон Москва.

Кызым менин Анипам

эки жашка жете элек,

Эне сүтү оозунан

Эмдигиче кете элек.

Акыл-эси кире элек,

ак-караны биле элек.

Кетээримди алыска,

алигиче сезе элек.

Азыр эле келем деп,

алдоо менен мен алек.

Учакка мен  кечикпей,

кетсем деймин батыраак.

Мага эч бир  ишенбей

соруп коет катуулап,

Оозундагы упчусун,

кармай берет кайталап

Жакадагы топчусун.

Алдаганым билгендей....

көздөрүндө тынчсыздык

Кетээримди сезгендей

бар болгон менин максатым

барып кайра тез келмей.

***

Ал кызымды Москвага

көз жарганда жаңыдан

Кошо ала келгемин.

5 ай бою алыста

жалгыз өзүм баккамын

Сүтүм жетпей таптакыр

башка айла тапкамын.

Угуп калдым бирөөдөн

Бир фин аял өз сүтүн

Бир рубльдан сатканын.

Күндө алам ал сүттөн

30 рубль 1 айда

Батир менен кошулуп

60 рубль болгону

Тамак–аш менен жол кире

биргелеп 100 дөн ашканы.

Окуйун деп келген соң

Ойлобойун башканы.

Деп өзүмдү сооротмой.

кой, андан көрө окуйун

Убакытты коротпой.

Айтайын эми бир нуска

Каратып коюп баланы

ала келген бир кызга

эртең менен кетемин

“Химкиге” мен жетемин

кечке чейин ал жерде

Илимий китеп окумай.

Деги эмнесин айтайын

Окуу менен ымыркай,

айкалышпай эч кандай.

Кыйын экен, кудай ай!

Бөтөн жерде бөлөк эл,

Беш ай араң чыдадым

Жаш аялмет мен байкуш

жаш агызып ыйладым....

***

Андан кийин атасы

Алып кеткен Бишкеккке

Берип мага батасын.

Ал кезде ал Фрунзе.

Алып келип бул жакка

6 айлык кыз наристе.

Таенесине тапшырды.

Андан мурун уруксат

алганмын мен апамдан,

“6 ай багып берсеңиз,

ыраазыбыз сизге биз”

6 айдан кийин мен келсем

Келбей мага таптакыр,

таенесине ыктады.

Кучагынан апамдын

эч бир эле чыкпады.

“Кел, келе гой, мага!” деп

чакырсам дагы болбоду.

Эч бир эле сооронбой

Ыйлаганын койбоду.

Чоочун болуп калаарын,

неге мурун билбедим?

“Окууң менен жерге кир!”

деп өзүмдү тилдедим.

Жүрүшпөйбү, бул жакта

чыкпай эле эч жакка!

Кандидат эмес башкасын

күйөөсүнүн койнунда

Жылбай жылуу үйүнөн

жүрүшпөйбү жакташып!

Коргоп алып опоңой

бирин бири макташып.

Мен болсо чоочун жерлерде

Арасы бөлөк элдерде

“Экинчи сорт” болгонмун

ал эмнеге дегенде

Титулдук улут эмесмин.

Жождун баарын кыдырдым

Эң биринчи - Москва

Москвада 2 ЖОЖ

Жок! деди орун мага бош.

Андан кийин Калинин.

Аталган университетинде

6 ай жүрүп калгамын

Жатаканада тоңуп,

турмуштан сабак алгамын.

Каттадым го бир далай

Москвага мен бармай.

Семинарлар катышып,

лекциялар укканы

Сабакта талаш-тартышып,

Такшалып анан чыкканы.

Москва менен Калинин

тынбай эле каттадым.

Батир издеп ортодо

баш калкалаар жер таппай

кыйналганым айтпадым

Бирөөлөрдүн үйүнө

бир  күн деле батпадым....

***

Кайра келип Москвага,

1 жыл жүрүп калгамын.

Аспирантурга өткөндө

жанымдын жай алганы.

***

90-чу жылдары

Окуп жүрөм Москвада

Чет тилдер институтунда

Морис Торез аты бар

өтө татаал заты бар

Ар каникул болгондо

кусалыгым таркабай

кайтып келем үйүмө.

Эс тартып кызым калганы

Эми 7 жашка  келгени

«Түшүм болуп журбөсүн,

Чын эле бул өңүмбү?»

«Может, это, Мама, “Сон”?

деп  кызым мени кучактайт

Түшкөндө эми учактан.

Сүйүнүчү  батпастан

жаш чубуртуп бышактайт.

Сагынычы батпастан

Жолумду менин тузактайт....

Балдарымдын улуусу

башкалардан сулуусу

Баарынан ал эстүүсү

Нурдиним окуйт номур 5.

Достору менен калемдеш.

Алтынчы класс болгону

Он эки  жашка толгону

Кабыргасы ката элек

Балапан жүнү бата элек,

Балтыр эти толоэлек,

Эр жигит али боло элек.

Он экиге жаңы эле

Кадам койгон жан эле...

Көкүрөк күчүк Надырым

анда сары-ооз балапан.

Бирөөнүн колун караган.

Мен болсо окуп ал жакта

Ар күнүмдү санагам.

качан жетем үйгө деп

Тез кетүүнү самагам.

качан барам үйгө деп

Тез жетүүнү самагам.

Күндө эрте  турганда

Бир  күндөн чийип таштагам.

үшкүрүп алып өзүмчө

 Кайра окуумду баштагам.

***

Жылдар акты токтобой,

мезгил учту закымдап.

Келип калды тез эле,

коргоо күнү жакындап.

Ал ансайын жүрөгүм

алып учат лакылдап.

***

Уйку көрбөй мен эми,

таң атканча үнүлмөй,

машинкага колдогу.

Жети аркар жылдыз толгончо,

жети саат бою отурам.

Алты аркар жылдыз толгончо,

алты саат бою отурам.

Таң супа садык чалганча,

түнү бою отурам.

таң кулан өөк болгондо,

күнү бою отурам.

Же суукту сезбейсиң

же ысыкты сезбейсиң.

Же тогуңду билбейсиң

же ачыңды билбейсиң...

***

Айлап-жылдап тыным жок.

Кирпик какпай нечен түн,

Күнү-түнү иштемей,

эс алууну унутуп,

Жанды оозума  тиштемей.

Москвааттуу машинка

Макаланын нечени,

чогулуп баары терилди.

басууга анан берилди.

Аёо сезим өзүмө,

кымындай да болбоду.

Илимди терең изилдөө

мени оюма койбоду

иштерим чыгып оңунан

кудайым мени колдоду.

Диссертация өзөгү

жазылып эми бүттү окшойт,

изилдөөнүн баардыгы,

коргоого негиз түздү окшойт.

Диссертациям коргоо-иш

куду экинчи баламдай.

Диссертация коргоо кун

келди мына жакындап,

ал ансайын жүрөгүм,

согот күчөп лакылдап.

«Предзащитный синдром» деп

айтпаса керек бекерден

даярданып күнү-түн

чыпылдайт тер чекемден

***

1991 жыл!

жаз айынын ортосу

апрель болуп калды эми.

Москва университетинде

Илимий иш башкарган,

кара кылды как жарган

диссертация кеңеши

коргоо күнгө келди эми.

Чоң жыйындар залында

отурушат чогулуп.

Ал аңгыча төрайым

Сөз баштады чоюлуп.

«Документтин баарына

болгонбу колдор коюлуп?»

Жактоого сөздү берди эми

“15 минут убакыт

ашырбайсыз андан” дейт

изилдөөңүз чындыгын,

жашырбайсыз мында” дейт.

Он беш мүнөт ичинде

ондогон айлар жазылган

диссертация мазмуну

айтылып эми бүттү окшойт

он беш мүнөт ичинде

Оңой эмес жазылган

диссертация мазмуну

иргелип эми бүттү окшойт...

Жооп берип бүткөндө,

суроолор жаады жамгырдай.

Кудай бетин салбасын,

жүрөгүм болду калбырдай.

Келет ар бир мүчөнүн

суроого жооп алгысы,

суроо бербей эч кими

калбайт такыр калгысы.

Ыраазы болсо“ рахмат” дейт,

болбосо түшөт талашка.

Сурайт эми төрайым:

“кимде суроо бар башка?”

деп эсти дагы оодартат.

тез эле бүтсө экен деп,

жаным болсо жер тартат.

Суроолору алардын

жебелер менен октолду,

терең ой менен коштолду.

Таамай тийип жебелер,

талуу жерди  козгоду.

Жооп берилди баарына,

катары менен талыкпай,

чарчабай да чаалыкпай.....

Дисскеңештик мүчөлөр,

ыраазы болгон окшоду.

Андан кийин суроолор,

кан буугандай токтоду.

Орун алып олтурдум.

жан-дүйнөмдү эми мен

Кубанычка толтурдум.

Жайланып эми отурдум

жан-дүйнөмдүн баарысын

сүйүнүчкө толтурдум.

Бир добуштан бардыгы

колдоп берди ишимди.

Ишенбестен ойлоном,

“Өңүмбү же түшүмбү?”

Андан кийин жетекчим

козголду эми ордунан

сөздү алыстан баштады:

«Коргоп жаткан айымдын

Беш баласы бар деди,

баарын үйгө калтырып

Илимге болду “зар” деди.

Муну уккан төрайым

жетине албай жылмайды:

«Жашайсың эми коргоочу

жашоодо билбей муң-кайгы».

“Таман акы, маңдай тер,

акталды эми бүгүн”- дейт

“жаңы турмуш жолдоруң,

башталды эми бүгүн”- дейт.

Акыркы сөзүң айта кой,

коргоо бүттү жаш айым,

Эми балдарыңа кайта гой!

Чын эле эми жашайын

турмуштун татып рахатын......

Чон Москва шаарында

“Сокольники” метросу,

Бабаевская 3а көчөсү.

Жатаканада баардыгы

отурушаткүтүшүп,

белгилейли дейт алар,

коргоо иштин бүтүшүн.

***

Эртеси күнү Бишкекке,

куш тилиндей кат кетти:

«Успешно защитилась!» деп

телеграмма  бат жетти.

Эки ооз сөз жетти эми,

кайгы капа кетти эми.

Бул күндү көпкө күттүргөн

Тилегим кабыл болду эми.

Кыйын турмуш бүттү эми.

Ал күндү көптөн эңсеген

Азап турмуш бүтү эми.

Киндик каным тамган жер

Мекениме жол тарттым,

балдарым  көпкө күттү эле...

* * *

Памира Кадырбекова - 

чет тилдер факультетинин деканы

pk infak