Бириккен профсоюз комитетинин Улуттук университеттин жамаатына кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлери! Бириккен профсоюз комитети КУУда болуп жаткан акыркы окуяларды жана көрүнүштөрдү кооптонуу, тынчсыздануу жана кабатыр болуу менен кабыл алат. Мында айрым кызыктар адамдар учурдагы, мыйзамдуу шайланган ректор Садыков Канат Жалиловичти ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө аракет кылып жатышат. Бул биздин окуу жайдагы моралдык-психологиялык кырдаалды туруксуздаштырууга алып келип жатат.
Бириккен профсоюз комитети Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерин негизге алып, кызматкерди, уюмдун же мекеменин жетекчисин ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу кандайдыр бир объективдүү себептер же жүйөөлөр болгондо гана мүмкүн экендигин белгилейт. Мыйзамдын талаптарынын чегинде, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын мындай чечими эч кандай негизсиз чыгарылса, анда мыйзамсыз деп табылат.Профсоюз - мыйзам боюнча, мыйзам чегинде, мыйзам алкагында ар дайым иш алып барып келет жана иш алып барат! Профсоюздун эң башкы талабында университеттин ар бир кызматкерин мыйзам чегинде, жамааттык келишимде көрсөтүлгөн пункттарга ылайык, мыйзамдуу түрдө укугун коргоо турат. Профсоюз баардык кызматкерлерди, аткаруучу, жетектөөчү болобу КРнын мыйзамына жараша, эмгек кодексиндеги белги, көрсөтмөлөрүнө таянып жыйынтык чыгарат.
Садыков Канат Жалилович ректорлукка шайлангандан бери жумуш берүүчү тарабынан биздин социалдык өнөктөш катары, КУУнун Профсоюз комитети менен социалдык өнөктөштүктүн жана ишкердик кызматташуунун негизги принциптерин жана формаларын өз деңгээлинде өнүктүрүп, иштеп чыкты. КУУнун ректору менен Профсоюз комитетинин ортосунда 2017 - 2020 жана 2020 - 2023 - жылдарга ылайык түзүлгөн КУУнун жамааттык келишимдери КУУнун кызматкерлеринин социалдык кызыкчылыгына багытталган. Түздөн-түз ректор Садыков Канат Жалиловичтин колдоосу менен “Университет” пансионатына кызматкерлер үчүн жеңилдетилген талондордун баасы (КУУнун жана КУУнун Профсоюз комитетинин бюджеттеринин катышуусу менен)50% га чейин төмөндөтүлдү; 2020-жылы КУУнун тарыхында биринчи жолу алардын үй-бүлө мүчөлөрү пансионатка жеңилдетилген жолдомолорду ала алышты. 2017, 2018, 2019, 2020-жылдар аралыгында карылар жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, күндүн каармандары, окутуучулар жамааты жана башка кызматкерлер, кандидаттык жана докторлук диссертацияларын ийгиликтүү коргогон кызматкерлердин ар кандай категориялары материалдык жана акчалай колдоонун жана стимулдаштыруунун түрлөрү менен камсыздалды. Көптөгөн университеттерден айырмаланып, өз ишмердүүлүгүн зыяндуу шарттарда жүргүзгөн КУУнун бардык кызматкерлери 15% жана 25% эмгек акыга кошумча акы алышат. Жай мезгилинде COVID-19 пандемиясынын жайылышынын абдан оор мезгилинде, ошондой эле калкты медициналык тейлөөдө пайда болгон көйгөйлөрдүн мезгилинде бюджеттин эсебинен ректор Садыков К.Ж жана Профсоюз комитетинин демилгеси менен июль айында убактылуу “Жамааттык борбор” түзүлдү. Бул борбор коронардык инфекцияны жуктуруп алган бардык кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашаган жерине барып, акысыз медициналык жардам (ийне жана тамчылатма ийне ) көрсөттү. Бул аталган борбордо медайым эртеден кечке иш алып барып, кызматкерлерге ыкчам кызмат көрсөтүлүп жатты.
Университеттин белгиленген келишиминин негизинде Канат Жалилович администрация менен биргеликте жетиштүү деңгээлде иш алып бара алды. Мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу эч кандай обьективдүү принциптерди, жүйөөлүү себептерди камтыбайт.
КУУнун ,ириккен профсоюз комитети өз тарабынан университеттин кызматкерлеринин премьер-министрге, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Жапаров Садыр Нургожоевичке университеттин жетекчилигинде мыйзамсыз кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүзүү боюнча иштерди токтотуп туруу боюнча кайрылууларын толугу менен колдойт.
КУУнун профсоюз комитети азыркы учур Кыргызстан жана университет үчүн оңой жыйынтык чыгара турган жөн салды маселеде турбаганын белгилейт. Миңдеген кызматкерлер иштеген, миңдеген келечек кесип ээлери студенттер билим ала турган куттуу жер тебелендиде же кандайдыр бир саясий күчтүн курмандыгы болуп калбашын белгилейт. Алдыдыгы университтин чоң масштабдагы ири долбоорлору, илимий иштери, окуу кыймылы өз нугунан токтобой улантылышы керек. Мамлекет жана билимдин казынасы болгон университет үчүн оор жана тагдыр чечүүчү мезгилде чогулуп, чоң масштабдагы милдеттердин, пландардын жана долбоорлордун чечилишин, аткарылышын биздин университет, мамлекет жана анын жарандык коому тарабынан камсыз кылууга чакырат.
Биздин күчүбүз – бул биздин биримдигибиз!
КУУнун профсоюз комитетинин төрагасы Жумабеков К. С.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- №5-жатакананын жашоочулары “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш өткөрүштү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Манас-Ордого" барып келишти
- Математика жана информатика факультети - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- КУУнун студенттери “Тоолуктардын ток-шоусуна” катышты
- КУУнун студенттери акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
- Физфактын деканы жеңүүчү студентти куттуктады
- Матфактын активисттери КМТУдагы көргөзмөдө болушту
- Спортсмен–агартуучулар
- Коопсуздук - башкы максат
- Чет тилдер факультетинде "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү
- Матфактын студенттери китеп дүйнөсү менен дайыма байланышта
- Матфактын жамааты окутуучу Асанкулова Айперини куттуктайт!
- Физика жана электроника факультетинде футбол боюнча Декандын кубогу ойнотулду
- Физфакта Мугалимдер күнүнѳ карата чакан концерт ѳткѳрүлдү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери факультеттин окутуучуларын куттукташты
Администратордон
Студенттердин ?-лору
- Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
-
Калыкова
30.01.2021 19:56
Саламатсыздарбы? Почему стипендиатам не выплачиваются стипедии. Из бюджета же начисляются же средства.
-
Сатылганов Максат
27.01.2021 22:47
Здравствуйте,на 2-пересдаче сколько будет вопросов и сколько баллов дадут за правильные ответы ?
Абитуриенттердин ?-лору
-
Зарина
21.02.2021 09:03
Саламатсызбы!ме н 3-чу курстан кийин окуубай калгам.Русская филология факультети 2005ж. Кайра улантсам ...
-
Нур
24.12.2020 19:15
Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...
-
Илгиз
23.12.2020 19:20
Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Akbata Smagulova
06.01.2021 16:59
Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...
-
Усон Эргешов
21.12.2020 17:10
Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...
-
G.K
12.11.2020 21:42
Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Ырыскул
24.05.2020 10:43
Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...