Шейшемби, Ноябрь 24, 2020

Улуттук университет аккредитациядан ийгиликтүү өттү

2020-жылдын 28-октябрында башкы имараттагы К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборунда КУУнун жогорку кесиптик билим берүү программаларын көз карандысыз программалык жана жалпы окуу жайдын ишмердүүлүгүн  институционалдык аккредитациядан өткөрүүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган жыйын болуп, эксперттик комиссиянын төрагасы, Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору Бактыбек Исмаилов КУУнун жетекчилерин, факультет декандарын жана кафедра башчыларын аталган текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары менен тааныштырды.

Ал Улуттук университеттеги аккредитациядан өтүп жаткан ар бир билим берүү программасынын күчтүү жактарын белгилөө менен, айрым кемчиликтери да бар экенин билдирип, аларды жоюу боюнча эксперттик комиссиянын сунуштамаларын айтып өттү.

Төраганын айтымында, Улуттук университеттин аккредитациядан өткөрүүгө сунушталган билим берүү программалары эксперттик комиссиянын талаптарына негизинен жооп берет, бирок акыркы чечим Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин алдындагы аккредитациялык кеңештин отурумунда кабыл алынат.

КУУнун ректору Канат Садыков эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө өзгөчө шарттарда Улуттук университеттин 57 билим берүү программасын көз карандысыз аккредитациядан жана окуу жайдын жалпы ишмердүүлүгүн институционалдык аккредитациядан өткөрүү боюнча аткарган иштери үчүн терең ыраазычылык билдирип, айтылган сунуштарды аткарууга даяр экендигин билдирди. 

Аталган жыйындан мурдараак, эксперттик комиссиянын мүчөлөрү КУУнун жетекчилери менен онлайн режимде интервью өткөрүшүп,  контракттык негизде окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн мектептерге барышы, КУУнун миссиясы, окутуучуларды мотивациялоо системасы, туризм жана  рекреационалдык география кафедрасындагы маселелер, AVN маалымат системасы, айлык акы фонду, бюджеттик каржылоо, башкаруу системасы, жеке компаниялар менен болгон алакалар, окутуучулардын илимий эмгектеринин жарыяланышы тууралуу суроолорду беришти. Ар бир маселе боюнча ректор Канат Садыков, проректорлор жана факультет декандары өз ойлорун айтып, кенен-кесир жоопторду беришти.

02

04

06

10

12

14

16

20

22

24

26

28

30

54

press knu 2020