Шейшемби, Октябрь 20, 2020

КУУга ТИКАнын жаңы дайындалган программалык координатору келди

Профсоюз комитети 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү менен куттуктайт!

00

Урматтуу биздин устаттар, кесиптеги чыйыр жолду баштап берген насаатчылар, жол көрсөтүп, акылмандуулук, көрөгөчтүк менен турмуштагы, жумуштагы ар бир кырдаалды жеңип, биз үчүн үлгү болгон асыл инсандар, сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сиздер менен тажрыйба алмашып, кеп-кеңештериңиздерди угуп, ак бата алуу, өмүрдөгү өрнөк боло турган сабактарды сиздер аркылуу көрүп-билүү бизге буйруган чоң кут деп билебиз.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде не деген залкар окумуштуулар, не деген гана чыгаан инсандар иштеген эмес. Бүгүнкү күндө дагы уучубуз кур эмес. Эл сыймыктары, эмгек сиңирген ишмерлер, мугалимдер, эл жазуучулары, илимдин доктор-профессорлору эмгектенип, илим-билимдин даңгыр жолундагы данакерлигин көрсөтүп жатышат. Университеттеги ар бир чоң салтанат кадырман карыларыбыздын ак батасы жок эч качан башталбайт. Тилекке каршы, быйыл пандемия биздин көнүмүш жашообузга өзгөртүүлөрдү киргизди.   Covid 19 пандемия учурунда да биздин карыларбыз аралыктан окутуунун бардык шарттарын өздөштүрүп, санариптик ыкмада өз жумуштарын так аткарышып, студенттерге билимди үзгүлтүккө учуратпай берип жатканы биз үчүн сыймык жана баа жеткис баалоону жаратты.  

Урматтуу улуулар, улуу муундун үлгүлүү адамдары, агай-эжейлер, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер үчүн окуу жайыбыздын эмгек жамаатынын жана студенттеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасында биз Кыргыз Республикасынын эң алдыңкы, билими күчтүү  университетинде эмгектенүүдөбүз. Сиздер бүгүнкү күндө да коомдук жашоодо өз активдүүлүктөрүңүздөр менен жаштарды тарбиялоодогу зор  салымыңыздарды кошуп келүүдөсүздөр. Сиздерге эң негизгиси бекем ден соолук, бакыт-таалай, жакындарыныздарга бакубат жашоо каалайбыз.

02

Терең урматтоо менен Профсоюз комитети.

P.S. Жылдагыдай эле карылар күнүнө карата Университеттин администрациясы, Профсоюз комитети тарабынан учурда эмгектенип жаткан карыларыбызга (аз да болсо) көңүл катары акчалай материалдык жардам көрсөтүлүп, карантин чектөөлөрүнө ылайык иш-чаралар уюштурулат.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1050 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары