Ишемби, Сентябрь 19, 2020

Конфуций институту Улуттук университетке гуманитардык жардам көрсөттү

2020-жылдын 4-сентябрь күнү КУУнун алдындагы Конфуций институтунун директорлору Масалбек Сулайманов менен Ан Дэюань мырза гуманитардык жардам катары Улуттук университетке коронавирустун жайылышына бөгөт коюу каражаттарын жана 50 миӊ сом акчалай каражат тапшырышты. Ректор Канат Садыков көрсөтүлгөн жардам үчүн аталган институттун жетекчилерине Улуттук университеттин жалпы жамаатынын атынан чоӊ ыраазычылык билдирип, коронавируска каршы күрөшүү боюнча жасалып жаткан аракеттер мындан ары да улана берээрин, ал эми акчалай каражат профсоюз уюмуна берилип, Университеттин жардамга муктаж кызматкерлерине бөлүнөөрүн билдирди.

Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Масалбек Сулаймановдун айтымында, акчалай каражат институтта иштеген кызматкерлер тарабынан чогултулган.

Гуманитардык жардам тапшыруу аземи аяктаган соӊ, Канат Садыков Конфуций институтунун лингафондук кабинети, маданий борбору жана китепканасы менен таанышып чыкты.

Иш чарага о.э. эл аралык кызматташтык департаментинин директору Бакыт Келдибеков, кыргыз-кытай факультетинин деканы Софья Апаева жана "Бир алкак - бир жол" концепциясын ишке ашыруу боюнча кыргыз-кытай илим изилдөө борборунун мүдүрү Рашид Юсупов катышты.

02

03

05

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

34

36

38

40

42

press knu 2020