Ишемби, Август 08, 2020

Ардактуу профессор, белгилүү энциклопедист Бараталиев Өмүрбек дүйнөдөн кайтты

00

Кыргыз географиясынын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон окумуштуу, география илимдеринин кандидаты, ардактуу профессор, география багытындагы белгилүү энциклопедист, Кыргыз география коомунун мүчөсү Бараталиев Өмүрбек 71 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. КУУнун ректораты, география, экология жана туризм факультети менен Кыргыз география коомунун жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Окумуштуу-илимпоз, энциклопедист, география илимдеринин кандидаты (2002), И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору (2013) болгон. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин 1970-жылы бутүргөн. 1970-2014-жылдары Кыргыз энциклопедиясы башкы редакциясында илимий, улук илимий редактор, география, геология, геофизика жана экология редакциясынын башчысы, Башкы редакциянын жооптуу катчысы болуп иштеген. Ошол эле жылдары Ж.Баласагын атындагы КУУда жана И.Арабаев атындагы КМУда ага окутуучу, доцент, физикалык жана геоэкология кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

Эмгектери негизинен ландшафттын табигый жана техногендик өзгөчөлүктөрүнө баа берүүгө, жергиликтүү жана универсалдык терминология маселелерине арналат. 300дөн ашык илимий жана энциклопедиялык макалалардын, 2 монографиянын, мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн “Кыргызстан географиясы” (2004) энциклопедиялык окуу куралынын (жооптуу редактору), “Кыргызстан экономикалык жана социалдык географиясы” (1-басылышы 2006, 2-басылышы 2013), “География терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү” (авторлош, 2008), “Материктердин жана океандардын физикалык географиясы” окуу китептеринин автору. География багытындагы дээрлик бардык кыргыз энциклопедияларынын жооптуу редактору болгон.

06

Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректораты, география, экология жана туризм факультетинин жана Кыргыз география коомунун жамааты 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 835 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары