Шаршемби, Август 05, 2020

Тарых жана чөлкөм таануу факультети мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында олимпиада өткөрдү

002020-жылдын 14-16-май күндөрү тарых жана чөлкөм таануу факультетинде кесиптик багыттоо иш чараларынын алкагында жана жеңилдетилген шарттарда студенттерди кабыл алуу максатында деканаттын демилгеси менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында тарых сабагы боюнча олимпиада өткөрүлдү. Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу онлайн форматта 2 тур менен өткөрүлгөн иш чарага республиканын бардык аймактарынан 80ге жакын бүтүрүүчү катышты. 

Биринчи тур 14-май күнү саат 10:00-12:00 болуп, онлайн тестирлөө системасы менен ишке ашты. Суроолор Кыргызстандын жана дүйнө тарыхынын урунттуу учурларын ичине камтыды. Олимпиаданын шартына ылайык, жогорку упай топтогон алдыңкы 8 абитуриент экинчи турга өттү.

Экинчи тур 16-май күнү Zoom платформасында видеобайланыш аркылуу ишке ашты. Абитуриенттер даярдалган суроолор боюнча билеттердин номерин тандап, андагы суроолорго жооп беришти. Онлайн олимпиаданын  экинчи турунда, б.а. окуучуларды оозеки сурап, билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүүсүн аныктоо үчүн атайын комиссия иштеди. Комиссияга факультеттин курамындагы кафедралардын башчылары кирди. Видеобайланыштын жүрүшүн о.э. факультет деканы, анын окуу иштери жана илимий иштер боюнча орун басарлары көзөмөлдөп турушту. Экинчи турдун жыйынтыгы менен Талас шаарындагы №2-жалпы билим берүүчү орто мектептин бүтүрүүчүсү Кудайбергенов Ислам 119 упай менен биринчи орунду камсыздап, тарых жана чөлкөм таануу факультетинде бир жылдык 100% жеңилдетилген келишимде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 2,3-орундарды ээлеген Абдылдаев Айдар жана Маматалиев Муратбек 50% жана 25% жеңилдетилген келишим менен окуу мүмкүнчүлүгүн жеңип алышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы менен бардык катышуучуларга сертификаттар, экинчи турдун катышуучуларына ардак грамоталар жана байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга дипломдор (электрондук вариантта) ыйгарылды. Катышуучулардын басымдуу бөлүгү тарых жана чөлкөм таануу факультетине окууга тапшыруу ниетин билдиришти. Кесиптик багыттоо алкагындагы бул олимпиада катышуучулар үчүн да факультет үчүн да жемиштүү болду.

02

04

06

Алымкожоев Омурбек - окуу иштери боюнча декандын орун басары

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 891 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары