Воскресенье, Мая 31, 2020

“Кыялымдагы кыргыз филологиясы” аттуу дил баян сынагы (10-майга чейин)

Кыргыз филологиясы факултьтетиндеги «Из калтыр» студенттик клубу “Кыялымдагы кыргыз филологиясы” аттуу дил баян жазуу сынагын сунуштайт. Сынакка жалпы кыргыз филологиясында окуп жаткан студенттер катыша алат.

Калемиңиздин канчалык деңгээлде курчтугун, оюңуздун тереңдигин жана фантазияңыздын кенендигин далилдегиңиз келсе, анда тезирээк калем, кагаз даярдап, билек түрүнө жазып баштаңыз.

Эскертүү:

Дил баян 4 беттен кем болбошу керек. Дил баяндар WhatsApp аркылуу 10-майга чейин кабыл алынат.

Сынактын жыйынтыгы 15-майда чыгарылат.

Мыкты делген 3 дил баян тандалып алынып, сыйлыктар берилет жана @knu_filfak_official инстаграм  баракчасына жүктөлөт.

01

Солтоноев Актилек -

кыргыз филологиясы факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары