“Жоокер ыры” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды (толукталды)
2020-жылдын 21-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департамент тарабынан уюштурулган “Жоокер ыры” сынагынын финалдык туру болуп өттү. Иш-чараны окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров ачып, жалпы жамаатты Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, күч-кубат, ынтымак каалап, патриоттуулукка чакырды жана тынчтык үчүн курман болгон бабаларыбыздын эмгеги эч качан унутулбасын баса белгилеп, конкурсанттарга ийгилик каалады.
Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан келген полковник Ашымжан Эсенкулов эр-азаматтарды патриоттулукка, ыймандуу жана жоопкерчиликтүү болууга үндөп, майрам менен куттуктады.
Уюштуруучулар тарабынан даярдалган Ата-Мекендик согуштан берки доорду баяндаган видео-материал тартууланган соң, жүрөк толкуткан конкурс башталып, студенттердин обондуу ырлар, монолог жана көркөм окуу боюнча көрсөткөн өнөрлөрүн калыстар тобу байкап отурушту.
Кол чабуулар менен коштолгон конкурс соңуна чыгып, калыстар тобу өз бааларын берип, орундарды ыйгарышты:
Обондуу ырлар боюнча:
- 1-орун: Айбек уулу Адилет (кесиптик колледж) - “Офицерлер”
- 2-орун: Акимбаева Мээрим (кыргыз-кытай факультети) - “Журавли”
- 3-орун: Токтоналиев Тилек (журналистика факультети) - “Чек ара”.
Монолог боюнча:
- 1-орун: Аскарова Нурзат (кыргыз филологиясы факультети) - “Майсалбектин каты”
- 2-орун: Айтбаева Аидана (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети) - “1941-жыл”
- 3-орун: Кислицына Олеся (социалдык-гуманитардык илимдер факультети) - “Баллада о матери”.
Көркөм окуу боюнча:
- 1-орун: Эсенгелди уулу Бексултан (тарых жана чөлкөм таануу факультети)
- 2-орун: Акималы уулу Бийжигит (кесиптик колледж)
Байгелүү орун алган катышуучуларга грамоталар менен кошо төмөндөгү сыйлыктар тапшырылды:
- 1-орун: Ч.Айтматовдун 10 томдугу
- 2-орун: К.Жантөшевдин “Каныбек” романы (1, 2 - том)
- 3-орун: К.Сактановдун “Маркумдар үнү” китеби..
Калган бардык катышуучулар “Ыраазычылык каттар” менен сыйланышты.
Сыйлык алгандарды калыстар тобунун мүчөлөрү, куралдуу күчтөрдүн ардагери, запастагы полковник Болот Келгенбаев жана коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Каныбек уулу Ардакбек кызуу куттукташты.
КУУнун коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти Улуттук университеттин жалпы окутуучу-профессорлору менен студенттерин Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, иштерине, окууларына ийгилик каалайт!
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- №5-жатакананын жашоочулары “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш өткөрүштү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Манас-Ордого" барып келишти
- Математика жана информатика факультети - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- КУУнун студенттери “Тоолуктардын ток-шоусуна” катышты
- КУУнун студенттери акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
- Физфактын деканы жеңүүчү студентти куттуктады
- Матфактын активисттери КМТУдагы көргөзмөдө болушту
- Спортсмен–агартуучулар
- Коопсуздук - башкы максат
- Чет тилдер факультетинде "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү
- Матфактын студенттери китеп дүйнөсү менен дайыма байланышта
- Матфактын жамааты окутуучу Асанкулова Айперини куттуктайт!
- Физика жана электроника факультетинде футбол боюнча Декандын кубогу ойнотулду
- Физфакта Мугалимдер күнүнѳ карата чакан концерт ѳткѳрүлдү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери факультеттин окутуучуларын куттукташты
Администратордон
Студенттердин ?-лору
- Гульмира 27.02.2021 23:13
-
Рыскелдиева Айдай
10.02.2021 23:01
Саламатсыздарбы ! Мен азыркы учурда Адам университетинин 1 курсунда экономика факультетинде окуйм . 1 ...
-
Калыкова
30.01.2021 19:56
Саламатсыздарбы? Почему стипендиатам не выплачиваются стипедии. Из бюджета же начисляются же средства.
Абитуриенттердин ?-лору
-
Эльвира
28.02.2021 00:01
Здравствуйте, я окончила в 2008году КАК и в т этом году хотела поступит к вам на педагогический ...
-
Козыбагарова Айнур Б
26.02.2021 21:58
Здравствуйте. У вас есть заочное обучение в магистратуре на факультете "русская филология"? Сколько стоит ...
-
Зарина
21.02.2021 09:03
Саламатсызбы!ме н 3-чу курстан кийин окуубай калгам.Русская филология факультети 2005ж. Кайра улантсам ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Akbata Smagulova
06.01.2021 16:59
Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...
-
Усон Эргешов
21.12.2020 17:10
Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...
-
G.K
12.11.2020 21:42
Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Ырыскул
24.05.2020 10:43
Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...