Вторник, Февраля 18, 2020

КУУда Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу кечеси өткөрүлдү

2020-жылдын 14-февралында 6-окуу имаратындагы жаңы ачылган 2-дарсканада кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультети тарабынан Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 31 жылдыгына карата Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу кечеси өткөрүлдү. Иш чара Кыргызстандагы Ооган ардагерлеринин кыймылын жетектеп, ошол кыймылдын түптөлүшүнө зор салым кошуп, аталган согуштан алган жаракаттардын кесепетинен каза болгон Нурлан Торобеков, Тыныбек Кадыров, Куттубек Жанышбаев агаларыбызды эскерүүдөн башталды.

Андан кийин окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков, Бишкек шаардык Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Кадыр Уметов агайлар куттуктоо сөздөрүн айтышып, Бишкек шаардык Ооган согушунун ардагерлер кеңеши тарабынан окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин деканы Алайбек Шамшиев, башкы инженер Адылбек Маматов орден, ал эми гимназиянын окутуучулары жана окуучулары ардак грамоталар менен сыйланышты.

Иш чаранын жүрүшүндө гимназиянын окуучулары тарабынан даярдалган концерттик номерлер көрсөтүлүп, өсүп келе жаткан жаш муунга патриотизмге, таалим тарбия берүү максатында Ооган согушундагы жалпы аскердик “Мармоль” операциясы тууралуу даректүү тасма  тартуланды.

Жолугушуу кечесинин соңунда ардагерлер менен кызыктуу аңгемелешүү болуп, алар Ооган согушунда болгон окуяларын айтып, окуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

Иш чара "Жерибизде тынчтык болсун!" деген ураан менен аяктады.

01

02

03

04

05

06

07

08

09

10

11

12

13

14

16

15

Бермет Бейшеналиева - факультеттин менеджери