Бейшемби, Август 13, 2020

Матфакта Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш чара өттү

00

2019-жылдын 25-декабрында №6-окуу имаратынын 113А-дарсканасында математика жана информатика факультети көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата “Турдакун Усубалиев өз заманын феномени” темасында иш чара өткөрүп, табигый илимдер факультетинин китептер абонементинин бөлүм башчысы Дыйканбаева Токтобүбү улуу инсан тууралуу баяндама жасады.

Студенттер Турдакун Усубалиев – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө, Кыргызстандын алдыңкы өнөр жайлуу өлкөгө айланышына, маданий жактан өсүп өнүгүшүнө, өлкөбүздүн жана борбор калабыздын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө, Кыргыз Республикасында парламенттик системанын калыптанышына өзгөчө зор салым кошкон көрүнүктүү ишмер экендиги тууралуу кабардар болушту.

Дыйканбаева Токтобүбү Т.Усубалиевдин мамлекеттик ишмердүүлүгүн чоң 4 этапка бөлүп кароого болору тууралуу айтты:

• 1919-1940: Т.Усубалиевдин бала чагы жана партиялык кызматкер тууралуу калыптануусу

• 1941-1961: Т.Усубалиевдин жоопкерчиликтүү партиялык кызматкер катары калыптануу мезгили

• 1961-1985: Т.Усубалиев - жооптуу партиялык жетекчи

• 1991-1995: Т.Усубалиевдин эгемен Кыргыз Республикасын курууга кошкон салымы.

Жыйынтыгында, факультеттин студенттери Кыргыз Республикасынын Баатыры, “Ак Шумкар” өзгөчө белгисинин, 3 жолку Ленин, Эмгек кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Достук (РФ), I-даражадагы “Манас” орденинин жана медалдардын ээси, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Усубалиев Турдакун Усубалиевич тууралуу кеңири маалымат бергендиги үчүн Токтобүбү Дыйканбаева эжейге ыраазычылыктарын билдиришип, мамлекетти калыс башкарган, алысты көрө билген, дасыккан тажрыйбалуу мамлекеттик-партиялык жана коомдук ишмер катары Усубалиев Турдакун Усубалиевич элибиздин эсинде дайыма сакталып кала берерин белгилешти.

02

04

06

08

Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 448 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары