Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)
КУУда таанымал илимпоз жана педагог Таавалды Мурзабековдун 70 жылдыгы белгиленди
2019-жылдын 29-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында таанымал илимпоз жана педагог, т.и.к., доцент Таавалды Мурзабековдун 70 жылдык мааракесине жана ал тууралуу жаңы китептин бет ачарына арналган илимий жыйын болуп өттү. Тарыхчы-окумуштуулар, студенттер, ЖМК өкүлдөрү, маркумдун жакындары жана жердештери катышкан иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, кириш сөз айтты.
Таанымал илимпоз жана педагог Таавалды Мурзабековго арналган даректүү сүрөт баян көрсөтүлөн соң, совет доорунда Кыргызстандын дипломатиясынын тарыхый өңүттөрүн изилдеген, өз учурунда саясий жалаа менен кодулоого дуушарланган таанымал илимпоз жана педагог тууралуу эскерүүлөрү менен КР Президентинин Аппаратына караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Эл аралык Кыргыз-Түрк Манас университетинин проректору Анварбек Мокеев, КУУнун профессору Жаныбек Жакыпбеков, профессор Искендер Исамидинов ж.б. бөлүштү.
Иш чаранын экинчи бөлүгүндө таанымал илимпоз жана педагог Таавалды Мурзабеков тууралуу жаңы китептин бет ачары болду.
Кыскача маалымат
Таавалды Мукайыл уулу Мурзабеков (замандаштары “Табылды”, “Таабалды”, “Табыке” деп да кайрылышчу; 1948—1991) — кыргыздын белгилүү тарыхчысы, педагогу, тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти.
Ал 1948-жылы 4-июнда азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак кыштагында туулган. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Дипломдук ишинин жетекчиси – т.и.к. Мидил Жамгырчинов болгон.
Ал 1969–1972-жылдары КМУнун тарых факультетинде күндүзгү аспирантурада таалим алган. 1980-жылы ал Кыргызстандын тарых илими үчүн жаңы багытта тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактады. Анын темасы «Кыргыз ССРинин Европанын социалисттик өлкөлөрү менен экономикалык, илимий жана маданий жактан кызматташтыгы (1950-жж. экинчи жарымы - 1970-жж.)» деп аталган. Жетекчиси – т.и.д., профессор Анварбек Хасанов болгон.
Т.М.Мурзабеков 1972-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин КМУнун тарых факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, декандын жардамчысы, декан болуп иштеген. Жалган саясий жалаанын айынан 1987-жылы 25-январда декан кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. “Кайра куруулар” доорунун соңунда, 1991-жылы – КМУнун проректорунун милдетин аткаруучу сыяктуу кызматтарды аркалаган. Демек, анын адистик өмүрү толугу менен Кыргыз улуттук университетине (мурдагы КМУга) арналды.
1991-жылы 9-октябрда Таавалды Мукайыл уулу Мурзабеков педагог-окумуштуу жана уюштуруучу катары толукшуп турган кезинде, болгону 43 жашында жүрөгүнөн кармап дүйнөдөн кайткан.
1992-жылы Т.М.Мурзабековдун айылдаштары Кичи-Жаргылчак кыштагындагы орто мектепке анын ысымын ыйгарышты.
Шилтемелер:
URL: http://ky.wikipedia.org/wiki/Мурзабеков,_Таавалды_Мукайыл_уулу
https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_ussr_history_education_taabaldy_murzabekov_blog_tch_ky/29808414.html
Жаркын элеси өчпөйт: Тарыхчы жана педагог Таабалды Мурзабековдун (1948––1991) 70 жылдыгына: (Макалалар топтому) / Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. –– Бишкек: “Турар” басмасы, 2019. –– 300+xvi б., сүрөт. –– “Мурас” фонду. –– “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсы. –– Жусуп Баласагын атындагы КУУ. –– И.Арабаев атындагы КМУ. –– КР УИАсынын ТАЭИ. – “Тарых жана мурас” түрмөгү. –– ISBN 978-9967-15-959-4.
Уюштуруу тобу.
Байланыш дареги: 0557 153 103; 707 184 979; Иш телефону: (0312) 66 04 05
Э-дарек: kaganat2012@gmail.com
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- №5-жатакананын жашоочулары “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш өткөрүштү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Манас-Ордого" барып келишти
- Математика жана информатика факультети - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- КУУнун студенттери “Тоолуктардын ток-шоусуна” катышты
- КУУнун студенттери акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
- Физфактын деканы жеңүүчү студентти куттуктады
- Матфактын активисттери КМТУдагы көргөзмөдө болушту
- Спортсмен–агартуучулар
- Коопсуздук - башкы максат
- Чет тилдер факультетинде "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү
- Матфактын студенттери китеп дүйнөсү менен дайыма байланышта
- Матфактын жамааты окутуучу Асанкулова Айперини куттуктайт!
- Физика жана электроника факультетинде футбол боюнча Декандын кубогу ойнотулду
- Физфакта Мугалимдер күнүнѳ карата чакан концерт ѳткѳрүлдү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери факультеттин окутуучуларын куттукташты
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Карылар үйүнө жардам беришти
- Геофактын 2-курс студенттери туристтик слетко катышып келишти
- Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 2-курс студенттери Ак үйгө экскурсияга барышты
Радио-кафе (Журфак)
Администратордон
Студенттердин ?-лору
- Модератор 04.09.2018 09:01
-
Модератор
27.08.2018 10:21
Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.
-
Аид
27.12.2017 00:35
Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...
Абитуриенттердин ?-лору
-
Модератор
04.09.2018 09:09
1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...
-
Модератор
27.08.2018 10:26
1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...
-
Модератор
26.01.2018 13:17
9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Модератор
04.09.2018 09:21
Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...
-
ОПВДОО
04.01.2018 10:34
Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар
-
aman
19.12.2017 20:13
Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Student
07.04.2018 18:22
Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...
-
Айзада
07.04.2018 17:09
Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...
-
Гулкайыр
28.03.2018 17:38
Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Подробнее...