Среда, Мая 27, 2020
kg_m RU

Журналистика факультетинин окутуучулары "Жамааттык ЖМК" боюнча окуу-тренингге катышты

00

2019-жылдын 2-3-ноябрь күндөрү журналистика факультетинин окутуучулары Кыргызстандагы жождордун журналистика факультеттеринде “Жамааттык ЖМК” курсун өтүүнүн методикасы боюнча "Жамааттык ЖМК ассоциациясы" тарабынан өкөрүлгөн окуу-тренингге катышты. Иш чарада чет мамлекеттен келген коноктор жана жергиликтүү адистер жамааттык ЖМКда иштөө боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, анын коомдогу орду, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу  баяндашты жана аймактардагы калктын коомдо болуп жаткан жаңылыктар менен кабардар болушунда жамааттык маалымат булактарынын орду маанилүү экендигин белгилешти.

Австралиядагы Маккуори университетинин профессору Уша Харрис Фиджи аралындагы жаратылыш апааттарында жергиликтүү жамааттык ЖМКлардын жасаган ишмердүүлүгүнө токтолуп, өзүнүн илимий изилдөөлөрү менен бөлүштү.

ЮНЕСКОнун Алматыдагы кеңсесинде коммуникация жана маалымат маселелери боюнча адис Сергей Карпов  жамааттык ЖМКлардын  Кыргызстанда  туруктуу өнүгүүгө ээ болуп, аймактарда жарандарды социалдык активдештирүүдө зор өбөлгө болгондугун белгиледи.

“Суусамыр FM” жамааттык радиосунун негиздөөчүсү Айзада Калканбекова радиодогу ишмердүүлүк, жергиликтүү калктын аларга болгон мамилеси, радиону ачууда кездешкен кыйынчылыктар жөнүндө өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жамааттык ЖМК ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Джусупова, медиа-экспетр Эльмира Токтогулова Кыргызстандагы жамааттык медиалардын абалы тууралуу жүргүзгөн изилдөөлөрү жана алардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына токтолушту.

Иш чаранын жүрүшүндө профессор Элира Турдубаеванын жетекчилиги менен окутуучулар курамы  ЮНЕСКОнун жамааттык ЖМКлар боюнча окуу программасын талкуулашты. Программаны Кыргызстандын билим берүү тармагына ылайыкташтыруу максатында атайын жумушчу топ түзүлдү.

Окуу-тренингинин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

02

03

04

05

06

07

08

10

Перизат Джаныбекова - 

журналистика факультетинин радиостудиясынын адиси 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 742 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Студент 28.02.2020 00:22
    Саламатсызбы! Мен 5курста окуймун дистанционно Летний сессияны тапшырганга доступ бербей жатышат,келип ...

    Подробнее...

     
  • Алина 02.02.2020 19:24
    Здравствуйте, я еще 13го января написала заявление о переводе на другой факультет, но приказ от ректора ...

    Подробнее...

     
  • Мээрим 01.02.2020 11:24
    Здравствуйте, говорили стипендию повышают , значит мы будем получать больше 1000?

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Merazhidin 20.02.2020 13:43
    Мурда физ матта метеорология группасы болгон. Азыр барбы?

    Подробнее...

     
  • Эрмек 14.02.2020 21:42
    Саламатсыздарбы мен Нарын мамлекеттик университетинде 1курс окуйм 2 курста которулса болобу жана ...

    Подробнее...

     
  • Asanbai 13.02.2020 11:09
    Саламатсызбы. Менин сиздерге суроом бар эле. Мен шахмат боюнча кыргызстандын биринече жолку чемпиону ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары