Среда, Мая 27, 2020
kg_m RU

КУУнун футбол боюнча командасы Кытайдагы “Улуу Жибек Жолунун турнирине” катышып келди

00

2019-жылдын 22-октябрынан баштап он күн бою Улуттук университеттин кыргыз-кытай факультетинин футбол боюнча командасы Сиань педагогикалык университети тарабынан уюштурулган Кытайдын, Россия  Федерациясынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн командалары чакырылган “Улуу Жибек Жолунун турнири” деп аталган мелдешке катышып келди. Топту мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, профессор Садык Алахан (Тиллебаев) жетектеп барды.

Салтанаттуу жыйындын ачылышында Сиань педагогикалык университетинин ректору, профессор Ю.Сюкунь мырза менен чакырылган бардык мамлекеттердин делегацияларынын атынан профессор С.Алахан куттуктоо сөздөрдү сүйлөштү.

Футбол боюнча бул мелдеш Кытайдын байыркы борбору Сиань шаарынын тарыхый жерлерине, т.а. терракота жоокерлеринин, билим берүүнүн, кытай айымдарынын музейлерине, шаардык сепилге жасалган экскурсиялар менен коштолду..

Мелдеш достуктун, тилектештиктин данакери болгондугу жыйынтыктоочу салтанатта айдан ачык көрүндү. Кечки салтанатта кыргыз-кытай факультетинин студенттери өздөрүнүн маданий иш чараларга өзгөчө шыктуу экендигин көрсөтүшүп, алкыштарга ээ болушту. 

Албетте, мындай өтө маанилүү иш чараны уюштурууда кыргыз-кытай факультетинин деканы, ф.и.к., доцент С.Х.Апаеванын эмгеги зор экендигин атайын белгилей кетишибиз керек.

02

04

06

07

08

10

12

13

14

16

18

20

22

23

24

25

26

28

30

Садык Алахан (Тиллебаев)мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, профессор

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 828 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Студент 28.02.2020 00:22
    Саламатсызбы! Мен 5курста окуймун дистанционно Летний сессияны тапшырганга доступ бербей жатышат,келип ...

    Подробнее...

     
  • Алина 02.02.2020 19:24
    Здравствуйте, я еще 13го января написала заявление о переводе на другой факультет, но приказ от ректора ...

    Подробнее...

     
  • Мээрим 01.02.2020 11:24
    Здравствуйте, говорили стипендию повышают , значит мы будем получать больше 1000?

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Merazhidin 20.02.2020 13:43
    Мурда физ матта метеорология группасы болгон. Азыр барбы?

    Подробнее...

     
  • Эрмек 14.02.2020 21:42
    Саламатсыздарбы мен Нарын мамлекеттик университетинде 1курс окуйм 2 курста которулса болобу жана ...

    Подробнее...

     
  • Asanbai 13.02.2020 11:09
    Саламатсызбы. Менин сиздерге суроом бар эле. Мен шахмат боюнча кыргызстандын биринече жолку чемпиону ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары