Шейшемби, Октябрь 20, 2020

КУУга ТИКАнын жаңы дайындалган программалык координатору келди

КУУда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

00

2019-жылдын 15-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргызстанды чейрек кылым башкарган көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Тарых жана чөлкөм таануу факультети тарабынан уюштурулган иш чараны КУУнун ректору Канат Садыков ачып,  1961-1985-жылдарда Кыргызстандын эл чарбасынын өнүгүшүндө Турдакун Усубалиевдин эмгеги баа жеткис экендигин белгилеп, тарыхый инсандары унутпай, келечек муундарга эскертип, окутуп туруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Жыйында Турдакун Усубалиевдин ар тараптуу ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болуп, айрыкча 1961-1985-жылдарда Кыргызстанды Усубалиев жетектеп турган мезгилде өлкөнүн эл чарбасынын, маданиятынын өсүп-өнүгүшү, андан кийин, эгемендик жылдарындагы депутаттык ишмердүүлүгүнө илимий сереп салынып, Т.У.Усубалиевдин калеминен жаралган эмгектерге анализ берилди.

Андан соң кезек баяндамаларга берилип, төмөндөгү тарыхчы-окумуштуулар чыгып сүйлөштү:

  • Ш.О.Медетбеков - Т.У.Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасы: "“Коомдук ишмердин ишмердүүлүгү боюнча баян”;
  • Ү.Ч.Чотонов - т.и.д., профессор: “Турдакун Усубалиев мамлекеттик жана саясий ишмер”
  • Каана Айдаркул - т.и.д., профессор: “Усубалиев Турдакун Усубалиевич – выдающиеся деятель современности”
  • Ж.Ө.Өмүрова - т.и.к., профессор: “Т.Усубалиев жетектеген мезгилдеги Кыргызстандын эл чарбасынын өнүгүшү”
  • Ж.К.Момбекова - т.и.к., профессор: “Кыргызстандын 1961-1985-жылдардагы эл аралык мамилелеринин жана маданиятынын өнүгүшү”
  • Н.А.Алымкулов - т.и.к., доцент: “Проблемы Великой Отечественной Войны в произведениях Т.У.Усубалиева”
  • С.А.Арзыгулова - ага окутуучу: “Языковая проблема в Кыргызстане в 60-е-80-е годы ХХ века”
  • Т.И.Асанов - т.и.к., доцент: “Турдакун Усубалиевдин түпкү  бабалары жана надырбек уругу тууралуу тарыхый кабарлар”
  • К.Идинов - э.и.к.: “Т.Усубалиевдин тарыхый орду”.

Иш чаранын соңунда Т.У.Усубалиевдин жана мамлекетке эмгеги сиңген башка инсандардын өмүр-жолун изилдөөнү тереңдетүү зарыл экендигин белгилеген резолюция кабыл алынды.

Усубалиев Турдакун Усубалиевич мамлекеттти калыс башкарган, алысты көрө билген, дасыккан тажрыйбалуу мамлекеттик жана коомдук ишмер катары элибиздин эсинде сакталып кала бермекчи. 

Тарых жана чөлкөм таануу факультети тарабынан уюштурулган иш чарага тарыхчы-окумуштуулар, Т.У.Усубалиев менен чогуу иштешкен инсандар, о.э. КУУнун магистранттары менен студенттери катышты.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 971 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары