Вторник, Февраля 25, 2020
kg_m RU

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

Кесиптик бирлик комитетинин #bestteacherknu интернет сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

00

Кесиптик бирлик комитети бул жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата студенттер арасында буга чейин уюштурулбаган, өзгөчө жана заманбап интернет-сынак өткөрдү. Инстаграмдагы “knu_profkom” баракчасында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, сынакка  катышкан ар бир студент өзү жакшы көргөн, педагогикалык чеберчилиги бийик, факультетинде эң мыкты деп эсептеген окутуучу менен сүрөткө түшүп, #bestteacherknu аталышындагы хештег менен окутуучусу жөнүндө жазып, инстаграмга киргизген.

Бир айга созулган сынактын  жыйынтыгы 2019-жылдын 3-октябрында саат 18.00дө кесиптик бирлик комитетинин “Жаштар канаты”, б.а. студенттер  тарабынан инстаграмдагы түз эфирде «LIZAONAIR» программасынын жардамы менен чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынактын ачык-айкын өткөндүгү түз эфирде бардык катышуучуларга таамай көрүнүп турду.           

4-октябрь күнү кесиптик бирлик комитети сынакта жеңген окутуучуларга кызыктуу белектерди, ал эми студенттерге - акчалай сыйлыктарды тапшырды. Окутуучулар кубанычын, ыраазычылыгын билдирип, мындай белек жагымдуу жана күтүүсүз болгондугун билдиришти.

Интернет-сынактын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун: Калчаева Лира Темирбековна - журналистика факультетинин телерадио-журналистика кафедрасынын ага окутуучусу, студенти - Мырзагулов Бекмырза
  • 2-орун: Апышева Майрам Түнкатаровна - кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын ага окутуучусу, студенти - Марат кызы Сезим (КТАОМ-1-19 тайпасы)
  • 3-орун: Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич - физика жана электроника факультетинин физика кафедрасынын  профессору, студенти - Өмүракунова Айжамал (ТФ-1-19 тайпасы).

Сыйлыктарды тапшыруу аземинен видео-репортаж

001

002

003

004

005

Асель Сартпаева - профкомдун студенттер менен иштешүү боюнча башкы адиси

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 570 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Алина 02.02.2020 19:24
    Здравствуйте, я еще 13го января написала заявление о переводе на другой факультет, но приказ от ректора ...

    Подробнее...

     
  • Мээрим 01.02.2020 11:24
    Здравствуйте, говорили стипендию повышают , значит мы будем получать больше 1000?

    Подробнее...

     
  • Aizirek 17.01.2020 23:10
    Саламатсызбы мен немецкийде 2-курста окуйм. 2019 жылы март айында академический отпуск алгам. Азыр ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Merazhidin 20.02.2020 13:43
    Мурда физ матта метеорология группасы болгон. Азыр барбы?

    Подробнее...

     
  • Эрмек 14.02.2020 21:42
    Саламатсыздарбы мен Нарын мамлекеттик университетинде 1курс окуйм 2 курста которулса болобу жана ...

    Подробнее...

     
  • Asanbai 13.02.2020 11:09
    Саламатсызбы. Менин сиздерге суроом бар эле. Мен шахмат боюнча кыргызстандын биринече жолку чемпиону ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер