Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту


МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
25.09.2019 17:24
2019-жылдын 25-сентябрь күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери факультеттин бүтүрүүчүсү, Бүткүл дүйнөлүк "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев менен жолугушту. Жыйында Руслан Жаманакович өзүнүн жетишкен ийгиликтери жана Кыргызстандын спорттогу жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Жолугушуу ачык дискуссия форматында уланып, студенттер кызыккан суроолорун берип, так жоопторду алышты.
Нурлис Орозматов – факультеттин студенттик кеӊешинин төрагасы