Дүйшөмбү, Август 10, 2020

КУУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди

02019-жылдын 19-сентябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында "Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган “Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуунун технологиялары” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Кыргыз тилинин "мамлекеттик" макам алынышынын 30 жылдыгы менен жыйындын катышуучуларын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жана профилдүү министрликтин кыргыз тилин өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова куттукташты. 

Окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров 2019-жылдын 18-сентябрь күнү болуп өткөн “Мамлекеттик тилдин билим берүүдөгү орду: көйгөйлөр, максаттар” аталышындагы студенттер аралык республикалык илимий-тажрыйбалык конференцияда мыкты баяндама жасаган студенттерге Ардак грамоталарды тапшырды.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев КУУнун төмөндөгү кызматкерлерин өзү жетектеген комиссиянын Төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйлады.

"Төш белгиси" менен сыйлангандар:

  • Алиев Зарлык - география, экология жана туризм факультетинин профессору
  • Осмоналиев Каныбек - физика жана электроника факультетинин профессору
  • Садабаев Аскербек - математика жана информатика факультетинин профессору
  • Байсабаев Бектурсун - кыргыз филологиясы факультетинин доценти
  • Кулматов Темир - география, экология жана туризм факультетинин профессору
  • Табалдиева Айгүл - кыргыз филологиясы факультетинин ага окутуучусу.

"Ардак грамота" менен сыйлангандар:

  • Абакиров Курманбек - кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору 
  • Нарынбаева Бактыгүл - кыргыз-кытай факультетинин кытай тили жана адабияты кафедрасынын профессору
  • Осмонов Амантур - укуктук камсыздоо, адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнун ага юристи
  • Келдибеков Бактыбек - эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы
  • Базарбаев Эрлан - юридика факультетинин укук таануу жана бажы иши кафедрасынын башчысы
  • Осмонова Наргүл - кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти
  • Сакыбаева Жыргал - журналистика факультетинин мезгилдүү басма сөз кафедрасынын ага окутуучусу
  • Мидин кызы Айгүл - КУУнун алдындагы Конфуций институтунун ага окутуучусу
  • .Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин информатика жана эсептөө техникасы кафедрасы.

Конференциянын пленардык отурумунда төмөндөгү баяндамалар жасалды:

  • Ж.А.Чыманов - кыргыз филологиясы факультетинин профессору: “Кыргыз тилин үйрөтүүнүн психологиялык айрым маселелери”
  • К.А.Биялиев - Б.Ельцин атындагы КОСУнун профессору: “Кыргыз тилин чет тили катары окутуунун маселелери”.

Сыйлык алгандардын атынан физика жана электроника факультетинин профессору Каныбек Осмоналиев чыгып сүйлөп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн тапшырылган сыйлык башка сыйлыктардан өзгөчө экенин белгиледи жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына ыраазычылык билдирди.

Иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) алып барды.

02

10

12

13

14

16

22

24

26

30

32

34

36

38

40

42

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

66

70

99

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 673 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары