Суббота, Сентября 21, 2019
kg_m RU

КУУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди

М.Шеримкулов Тил мыйзамынын кабыл алынышы тууралуу айтып берди

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУнун профессору Алтаистика боюнча Германияда өткөн конференцияга катышып келди

00

Кыргыз филология факультетинин профессору К.Т.Жаманкулова 19-22-августта Германиянын Фриденсау шаарында өткөн 62-Туруктуу интернационалдык Алтаистика конференциясына (PIAC/ПИАК) “Алтай тектүү элдердин тотемизми” аттуу доклады менен катышып келди. Иш чара Фриденсау теологиялык университетинин чоң жыйындар залында өтүп, анын ишине Америка, Англия, Франция, Япония, Германия, Кытай, Түндүк Корея, Тайвань, Венгрия, Россия, Турция, Монголия, Кыргызстан, Казахстандан келген окумуштуулар катышты. 

Конференциянын катышуучуларын аталган университеттин президенти, профессор Поланд Фишер, ПИАКтын Генералдык директору, профессор Барбара Келлнер-Хейнкеле, Конференциянын президенти, доктор Оливер Горфф куттукташты. Андан соң ар бир окумуштуу өзүн тааныштырып, илимий ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат берди. Кыргызстандан К.Жаманкулова, С.Алымкулова жана А.Райымкулова катышты.

Конференциянын темасы “Мамлекет жана дин” деп аталып, Алтаистикадагы диний  маселелерге арналды. План боюнча ар бир докладчыга 20 минуттан убакыт берилди. Конференция англис тилинде өттү.

19-августта "Tекст жана традиция", "Мамлекет. Философия жана коом", 20-августта "Тил l: Монгол тилинин масштабы", "Тил II: Байыркы түрк тили", "Тил III: Сөз жана маани", "Тарых, адабият жана тагдыр"  деген темалардын алкагында докладдар окулуп, талкууга алынды. 22-августта конференция “Тенгрианство, шаманизм жана тектеш ишенимдер” деген темада уланды. Саат 9.00дө проф. К.Т.Жаманкулова “Алтай тектүү элдердин тотемизми” аттуу докладын окуп, доклад окумуштуулардын кызыгуусуна ээ болду.  Мындан тышкары, “Дин жана коом”, “Монголиядагы буддизм” деген темалардын алкагында докладдар жасалды. Конференциянын иши башынан аягына чейин университеттин чоң жыйындар залында бардык окумуштуулардын катышуусунда өттү.

10

01

 

02

03

04

05

08

21-августта уюштуруу комитети конференциянын катышуучуларын Магдебург жана Бург шаарларына экскурсияга алып чыкты. Адегенде автобус менен Магдебургга, андан сон Эльба дарыясы аркылуу пароход менен Бург шаарына келдик. Экскурсоводдор жогоруда аталган шаарлар тууралуу тарыхый маалыматтарды айтып беришти. 

21

22

23

24

К.Т.Жаманкулова - кыргыз филология факультетинин профессору 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 356 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер