Понедельник, Января 27, 2020
kg_m RU

Жумалык жаңылыктар

Доцент Т.Асанов - коомдук ишмер Т.Сариев уюштурган сынактын жеңүүчүсү

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУда жаңы окуу жылынын башталышына арналган жыйын болуп өттү

00

2019-жылдын 2-сентябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында жаңы окуу жылынын башталышына арналган жыйын болуп өттү. Окуу жайдын жетекчилери жана түзүм башчылары катышкан иш чараны мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачып, чоң жыйындар залында ремонт иштери башталгандыгына байланыштуу, бүгүнкү иш чара бул жерде өтүп жатканын билдирип, алгачкы сөздү КУУнун ректору Канат Садыковго берди.

Ректор жыйындын катышуучуларын жана Улуттук университеттин жалпы жамаатын 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь - Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, жайкы мезгилде бүткөрүлгөн жана алдыда аткарыла турган иштер жөнүндө айтып берди.

Жайкы мезгилде аткарылган иштердин эң негизгиси - кабыл алуунун жыйынтыктары тууралуу сөз кылып, ректор жайкы мезгилде Улуттук университетке жалпысынан 5 миңге жакын абитуриент кабыл алынгандыгын жана магистратурага кабыл алуу улантылып жатканын билдирди. Канат Садыков бул жылы орто кесиптик программаларга кабыл алуу абдан жакшы, ийгиликтүү өткөндүгүн баса белгиледи. 

Ректордун айтымында, жай мезгилинде өнөктөштөр менен кызматташуу да активдүү улантылды. Мисалы, кытайлык өнөктөштөр менен  иштөөнүн натыйжасында, кыргыз-кытай факультети жайгашкан 4-окуу имаратынын 3-кабатында ремонт иштери бүткөрүлүп, жаңы уюштурулган "Илим жана маданият борборунда" класстардын ичин жасалгалоо, мебель, техникалык каражаттарды орнотуу иштери улантылып жатат. Бул иштерге жалпысынан 60 миң долларлык инвестиция тартылды.

Ал эми 5-сентябрь күнү Түркиянын эл аралык кызматташуу уюму (ТИКА) менен бирдикте башкы имараттын 2-кабатында "Санариптик технологиялар борбору" ачылып, толук ишке кирмекчи. Интерактивдүү лекцияларды, конференцияларды өткөрүүгө боло турган бул борборго жалыпысынан 65 миң доллар өлчөмүндө инвестиция тартылды.

Ушул эле жай мезгилинде "корей лингвистикасы" багыты ачылып, 2 группага студенттер кабыл алынды. 

Бул окуу жылында кыргыз-индия медициналык факультетин ачуу, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Кытайдын Лоян педагогикалык университети менен кызматташтуу боюнча иштер улантылат. Мисалы, ушул жылдын октябрь айында Лоян педагогикалык университетинде орус тилин чет тил катары үйрөтүүчү КУУнун борбору ачылмакчы.

- Ошентип, жай мезгилинде университетин жамааты жакшы иштеп, алдыга жылганга аракет кылдык. Дагы жасай турган иштерибиз көп. Жай мезгилинде жайдын аптабына карабай жумуш ордунда болуп, кабыл алуу кампаниясына активдүү катышкан биздин кызматкерлерге ыраазычылык билдирем, - деп сөзүн улантты Канат Садыков. 

- Сиздер жакшы билесиздер, биздин Президент менен Өкмөттүн чечими менен мектеп мугалимдеринин айлыктары 30 пайызга көтөрүлүп, кээ бир тажрыйбалуу мектеп мугалимдеринин айлыгы биздин профессорлордун айлыктарына жакындап калды. Ошондуктан, биз дагы ушул окуу жылынын ичинде КУУнун окутуучуларынын айлыгын көтөрүү маселесин карап жатабыз. Быйылкы кабыл алуунун жыйынтыктарын, соңку 2 жылдан берки контракттык окутуу акысынын этап-этап менен көтөрүлүшүн эске алуу менен  бул маселени чечебиз деген ойдомун.

Сөзүнүн соңунда КУУнун ректору жыйындын катышуучулары менен окуу жайдын жалпы жамаатын дагы бир жолу жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ынтымак-ырашкерлик жана ийгиликтерди каалады.

Андан кийин, Канат Садыков КУУнун айрым кызматкерлерине билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төш белгиси жана ардак грамоталарын тапшырды. 

Төш белгиси менен сыйлангандар:

  • Жаманкулова Гүлжамал Төлөгөновна - ф.и.д., кыргыз тили илими кафедрасынын профессору
  • Керимкулова Меримкүль Кадыровна - башкаруу жана бизнес факультетинин деканы
  • Жолдошев Рыскул - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин профессору.

Ардак грамота менен сыйлангандар:

  • Апаева Софья Хусеиновна – кыргыз-кытай факультетинин деканы
  • Исраилова Гүлмира Туткучевна - математика жана информатика факультетинин доценти
  • Ташиев Абсатар Оморалыевич - адистерди кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуут факультетинин окутуучусу. 

02

04

05

06

10

12

16

18

20

22

24

26

28

30

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Радио-кафе (Журфак)

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 348 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Гулайым 16.01.2020 20:45
    Саламатсыздарбы !Менин 9 предметимден бааларым "3" болуптур. Иштеп жаткандыгым учун жакшы окуй албай ...

    Подробнее...

     
  • Azizat 11.01.2020 01:03
    Саламатсызбы? Мен кыргыз филологиясы факультетинде окуйм. Өткөн жылдын декабрь айында ЖК тарабынан ...

    Подробнее...

     
  • Radmila 22.12.2019 12:19
    Мен юрфактын студентти болот.4-курста балалуу болгонума байланыштуу академ алгам окуудан.Бирок авнден ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Жанарбек 02.01.2020 23:47
    Каф деген факультет барбы? Дагы программировани е боюнча кандай факультеттер бар

    Подробнее...

     
  • Эсена 27.11.2019 17:05
    Саламатсызбы? Мен микро электрониканы 2009ж бутком, кайра эконофакка заочно тапшырсам кайсы документтер ...

    Подробнее...

     
  • Алсу 14.11.2019 02:22
    Здравствуйте. 1)Хотела узнать есть ли у вас бюджетные места для граждан РФ? 2) стипендии? 3) возможно ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • medina 06.01.2020 15:55
    Саламатсыздарбы ? Биз журналистика факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын 2019 ...

    Подробнее...

     
  • Кулпунай 01.01.2020 16:05
    Саламатсызбы 4 курсту Толук бутуп Дипломдук ишти жактабай койсо кийин келип 4 окубай Дипломдук ...

    Подробнее...

     
  • Гульнура 16.12.2019 12:26
    Здравствуйте! Я в2001г.закончил а факультет биологии я проучилась с 1995 по 2001 заочно у меня степень ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Темирлан 11.11.2019 18:11
    Саламатсызбы Мен Шакулуев Темирлан Сиздерге бир суроом бар эле мен азыркы учурда ЮУрГУда 1 курста ...

    Подробнее...

     
  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер