Вторник, Сентября 17, 2019
kg_m RU

Салават Сагитовго "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУда аймактарды өнүктүрүүнүн келечегине арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү

002019-жылдын 17-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында "II Токтомаматовдук окуулар" деген иш чаранын алкагында коомдук жана илимий ишмер, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Төлөбек Камчыбековдун 70 жылдыгына арналган  "Аймактык өнүгүүнүн вектору: реалийлери жана перспективалары" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.  

Экономика факультети тарабынан уюштурулган иш чарада экономиканын секторлорун аймактарда өнүктүрүү боюнча Борбор Азия окумуштууларынын идеялары менен сунуштары айтылып, аталган маселенин көйгөйлөрү менен келечеги талкууланды.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияны КУУнун ректору Канат Садыков ачып, иш чаранын актуалдуулугу, мааниси жөнүндө чакан билдирүү жасады жана жыйындын ийгиликтүү өтүшүн каалады. Андан соң, ректор кесиптеши Төлөбек Камчыбековду 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, экономика факультетинин деканы Эркин Кулова, башкаруу жана бизнес факультетинин деканы Меримкүл Керимкулова жана аталган факультеттердин кафедра башчылары менен бирдикте кыргыздын салты боюнча юбилярга калпак, чепкен кийгизди.

Юбиляр тууралуу кыскача видео-фильм көрсөтүлгөн соң, Төлөбек Кадыралиевич Камчыбековду 70 жылдык мааракеси менен Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Роза Акназарова, Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясынын ректору Касыйра Назарматова, мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору Сатыбалды Өмүрзаков, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин кафедра башчысы Мукаш Исраилов, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Кудайберген Базарбаев, "Кыргызаудит" аудит-кеңеш берүү фирмасынын башкы директору Нина Леднева, КУУнун педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманова, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетинин кафедра башчысы Анара Шербековалар куттукташты.

Жыйындын жүрүшүндө Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин проректору Көбөгөн Атышов "Кыргызстандын аймактарында туризмди өнүктүрүүнүн айрым көйгөйлөрү", КУУнун профессору Кубанычбек Идинов "Бизнес менен коммерцияны өнүктүрүүдө К.Ш.Токтомаматов менен Т.К.Камчыбековдун илимий эмгектеринин ролунун өсүшү" деген темада баяндама жасашты.

Эл аралык илимий-практикалык конференция аяктаган соң, жыйындын катышуучулары башкы имараттын 2-кабатында жайгашкан "Кантөрө Шарипович Токтомаматов атындагы инновациялык санариптик технологиялык борбордун" ачылыш аземине күбө болушту.

logo yt Иш чарадан алынган видео-репортаж (Баласагын ТВ)

05

07

09

11

13

17

19

21

23

29

31

33

35

39

43

47

49

57

61

65

67

73

76

77

79

80

81

82

88

89

90

91

92

93

97

98

99

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 306 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер